Кыргыз Республикасынын Чехия жана Польша мамлекетери менен ветеринария тармагындагы кызматташтыгы өнүгүүдө.

,
43641656_2116782765249634_6128702835702890496_o.jpg

2018-жылдын 23-29- сентябрында Ветеринардык статуардык органдын Ветеринардык кеңешинин мүчөлөрү жана кызматкерлери Чехияга жана Польшага иш-сапары менен барып келишти.

Аталган иш сапардын алкагында 24-сентябрь күнү Прага шаарында “Ветеринары без границ” эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда уюмдун ишмердүүлүгү менен таанышып жана келечектеги биргелешкен долбоорлор тууралуу сүйлөшүлөр жүргүзүлдү.

Мындан сырткары доктор Седлак менен жолугуп Чехия Республикасынын мамлекеттик ветеринардык институтунун диагностикалык центри менен таанышышты.



26-сентябрь күнү Берлин шаарындагы Университеттин алкагындагы ветеринардык клиниканын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Ал эми 27-28-сентябрларда Польшадагы Горжов шаарынын регионалдык ветеринардык палатасынын өкүлдөрү менен кезигип, тажрыйба алмашылды.



Ошону менен бирге «Veterinary expedition Kyrgyzstan 2018» долбоору жөнүндө польшалык коллегалар менен биргеликте презентация жасалды жана ушул долбоорду улантуу боюнча сүйлөшуулөр өттү.

Мындан сырткары Польша тарап Кыргызстандан бир адисти кыска мөөнөттүү стажировкага чакырды жана ийгиликтүү аяктаган соң сертификат берилерин айтышты. Негизги талап ал кайра келип башка ветеринарларды окутук керек.



Жалпысынан аябай кызыктуу жана билим берүүчү иш сапар болуп өттү. 2019-жылы биргеликте ветеринария тармагында жакшы долбоорлорду ишке ашырабыз.