Кыргыз ветеринардык врачтарынын Япония өлкөсүнө баруусу мерчемделүүдө

,
IMG_6084.jpg

2019-жылдын 22 январында Ветеринардык палатанын офисинде Кыргыз Республикасындагы Япон эл аралык байланыштар агенттигинин долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча кеңешчиси айым Юрие Хане менен Ветеринардык палатанын директору Кубатбек Маматкулов менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Мамлекеттик, жеке жана академиялык коомчулуктун кызматташуусу аркылуу, жеке ветеринардык кызмат көрсөтүү системасын бекемдөө” долбоорунун аспектилерин талкууга алышты. Аталган эки жумалык  долбоордун алкагында 10 кыргыз ветеринардык врачтарынын Япон өлкөсүнө барып кесиптик билим деңгээлин өркүндөтүп келүү маселеси каралууда

Долбоор, япон мамлекетинде ветеринардык ишти уюштуруунун түзүмү, ветеринардык врачтардын үзгүлтүксүз билимин өркүндөтүү системасы, мамлекеттик, жеке, академиялык коомчулук жана ветеринардык коомдук бирикмелердин өз ара кызматташуусу, өлкөдө тамак-аш коопсуздугун камсыздоо системасы, ошондой эле профилдик мамлекттик органдардын, Ветеринардык палатанын, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана фермердик чарбалардын иш аракеттери менен жакындан таанышууга багытталган.

Долбоорго катышуучу группанын курамына, КР айыл чарба министрлигинен, КР Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан, академиялык коомчулуктан, Ветеринардык палатадан бирден өкүл, ошондой эле жеке ветеринардык бирикмелердин регионалдык бөлүмдөрүнүн 6 жетекчиси кирет, алардын ичинен бирөө ВСЭ боюнча жеке лабораториянын жетекчиси.

Жолугушууга КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Ж. Орозбаев, долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн ветеринардык адиси Н. Дүйшеев жана Ветеринардык палатанын үзгүлтүксүз билим өркүндөтүү боюнча алиси Г. Муллакелдиевалар катышып долбоор боюнча өз ойлорун ортого салышты.