Ветеринардык факультеттин жана жеке ветеринардык врачтар үчүн жарык көргөн окуу китебинин бет ачаары болду.

,
books.jpg

Мындан 22 жыл мурун жогорку окуу жайларынын ветеринардык факультеттеринин студенттери жана ветеринардык адистер үчүн “Ветеринария иштерин уюштуруу жана анын экономикасы” деген аталышта кыргыз тилинде даярдалган окуу китеби жарык көргөн.

Кыргыз Республикасы өз алдынча рынок экономикасынын мамилелерине өткөн мезгилден баштап коомдук мамилелер өзгөрдү, өлкөнүн айыл чарба тармагында көп укладдуу экономика жана көп кырдуу менчиктин түрлөрү пайда болду. Мына бул өзгөрүүлөрдүн баары ветеринардык тейлөөнү уюштуруу,  жүргүзүүнүн жаңы принциптерин колдонууну шарттады.

Өзгөчө ветеринардык тейлөөнү жаңы форматта уюштурууну жөнгө салуунун укуктук негиздерин өзгөртүүнү камсыздоо менен тармактын социалдык-экономикалык карым-катнашын түп тамырынан бери өзгөрттү десек болот. Өз учурунда мындай жагдай ветеринардык адистердин коом алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу менен кесиптик дараметин дайыма жогорулатып турууну шарттоодо.

Бүгүнкү бет ачаары болгон “Ветеринардык тейлөөнү уюштуруу жана анын экономикасы” “Ветеринардык тейлөөнү уюштуруунун укуктук негиздери” аталыштагы эки илтик окуу куралдары мындан 22 жыл мурун басылып чыгырылган окуу куралынын жаңыланган басылмасы болуп эсептелет жана учурдагы ветеринария тармагындагы укуктук-ченемдик жана башка жөнгө салуу актыларынын негизин камтыды десек жаңылышпайбыз жана аталган тармакта келечек муундарын мезгил талабына ылайык жаңы духта даярдоого түрткү болот.

Бул эки илтик, ветеринария илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, КР илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КР УИА корреспондент-мүчөсү, Орусия илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү (академиги) Жунушов Асанкадыр Темирбекович тарабынан иштелип чыгылыл ОБСЕнин Бишкектеги офисинин кажылык колдоосу менен басылып чыгылды.