Кыргыз ветеринарлары Жапон жергесинде

,
Фото из Японии.jpg

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы менен Жапон өлкөсүнүн JICA кызматташтык агенттигинин өз ара мамилелеринин алкагында 10 ветеринардык адис Хоккайдо префектурасынын Токати округуна караштуу Обихиро шаарында кыска мөөнөттүү окуу курсунан өтүп жатышат.

Окуу курсу, жеке ветеринардык секторду мамлекеттик жана академиялык коомчулук менен өз ара айкалыштыруунун негизинде өркүндөтүүгө багытталган жана 11-февралдан 28-февралга чейин уланат.



Учурда тренингтин катышуучулар бир жумалык теорялык окуу программасынын алкагында 20 лекциялык программаны өздөштүрүшүп,20-февралдан баштап 6 тамак-аш өндүрүү чынжырчасындагы мал чарба объектилерине баруу менен практикалык курстардан өтүшөт.

Окуу курсу JICA эл аралык кызматташтык агенттигинин Обихиро шаарында жайгашкан окуу борборунда, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Кыргыз улуттук агрардык жана Ош мамлекеттик университеттеринин жана жеке ветеринардык врачтардын райондук бирикмелеринин катышуусунда өтүп жатат.