Кыргыз-Түрк ветеринардык адистеринин конференциясы болуп өттү.

,
Без названия.jpg

2021-жылдын 13-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ветеринардык медицина факультетинин 25 жылдык мааракесине арналып уюштурулган Кыргыз-Түрк ветеринардык онлайн форматтагы конференция болуп өттү.

Конференциянын өзөгүн, эки өлкөнүн ветеринардык системасы, тармакты жөнгө салган укуктук-ченемдик актылар, ветеринардык билим берүү тармагындагы маселер түздү.

Конференциянын күн тартиби боюнча, Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинин ветеринардык медицина факультетинин деканы доктор Исмаил Шен, Турция мамлекетинин Ветеринардык палатасынын жетекчиси доктор Али Эроглу, Кыргыз Республикасынын ветеринардык палатасынын директору Кубатбек Маматкулов жана башка катышуучулар доклад жасашты.

Конференциянын жүрүшүндө Түрк мамлекетинин Ветеринардык палатасы менен Кыргыз Ветеринардык палатасынын ортосунда өз ара кызматташуу багытында сүйлөшүүлөр орун алды.