Биз жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы (мындан арыВетеринардык палата - ВП) – ветеринардык врачтарынын кесиптик иш аракетин жөнгө салуу милдети жүктөлгөн коммерциялык эмес кесиптик уюм.

Тактап айтканда, Ветеринардык палата, өлкөдө, ветеринардык адистердин кесиптик иш аракеттерин көз карандысыз  жөнгө салуучу Өкмөттүк ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.  

Ветеринардык палатанын максаты –минималдык кесиптик талаптарга жооп берген  адистерге ветеринардык ишкердүүлү жүргүзүүгө уруксат берүү жана алар тарабынан Кесиптик этикалык кодекстин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө аркылуу, керектөөчүлөрдүн (элдин) коопсуз  ветеринардык кызмат алууга болгон укуктарын коргоо.