КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ВЕТЕРИНАРДЫК ФАКУЛЬТЕТТЕРДИН СТУДЕНТТЕРИНИН ЛИГАСЫ

, маалымат  


Үстүбуздөгү жылдын 17 ноябрында Кыргызстанда биринчи жолу “Кыргызстандагы ветеринардык факультеттердин студенттеринин лигасы” түзүлдү, аталган уюм Ветеринар студенттердин Эл аралык ассоциациясына мүчө болуп кирет. Үстүбуздөгү жылдын 17 ноябрында Кыргызстанда биринчи жолу “Кыргызстандагы ветеринардык факультеттердин студенттеринин лигасы” түзүлдү, аталган уюм Ветеринар студенттердин Эл аралык ассоциациясына мүчө болуп кирет. Студенттер лигасын түзүү жөнүндө ойлор МЭБтин 2016 жылдын июнь айында “Ветеринардык билим” боюнча конференцияга Ветеринардык палата катышкандыгынын жыйынтыгынан жаралды, аталган иш-чарага Ветеринар студенттердин Эл аралык ассоциациясынын өкүлдөрү да катышты. Ветеринардык палата КУАУ, КТМУ жана ЖАМУнун студенттери менен мүчөлүкө кирүү жана башка шарттары туралуу  ой бөлүштү, ошондой эле Кыргызстанда да ушундай улуттук бирикме түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунуш кылынды.

Бул сунуш Кыргызстандагы ветеринардык факультеттердин студенттери (КУАУ, КТМУ, ЖАМУ) тарабынан колдоого алынып, аталган ЖОЖ студенттеринин демилгелүү топторунун жыйналышында Лига түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Студенттер лигасынын максаты – активдүү жарандык жана кесиптик позицияны түзүү жана Эл аралык стандартка төп келген билим алууга умтулуу менен, өзүн-өзү уюштургучтуулукка жөндөмдүүлүктү өрчүтүү болуп саналат.