МИНИСТР Н. МУРАШЕВ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ВЕТЕРИНАРДЫК СТАТУАРДЫК ОРГАНЫ-ВЕТЕРИНАРДЫК ПАЛАТАНЫ ИШМЕРДИГИН КОЛДОЙТ

,


2017-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамаш-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органынын – Ветеринардык палатанын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрду.

Жолугушууда аталган мекеменин директору Кубатбек Маматкулов Ветеринардык палатанын учурдагы ишмердиги жөнүндө кеңири баяндама жасады жана аткарылган жумуштар, мекеменин келечектеги пландары боюнча маалымат берди.

     Өз кезегинде министр Ветеринардык статуардык органдын ишмердиги боюнча ой-пикирин айтып, жеке ветеринардык адистердин ишин жөнгө салуудагы Ветеринардык палата тарабынан колго алынып жаткан каттоо системасына жана жеке ветеринардык адистердин кесиптик квалификациялык денгээлине көңүл бурду, жеке ветеринардык адистердин кесиптик дараметин жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чараларга кызыкты.

    Ветеринардык статуардык органдын түзүлүшү учурдун талабы экенине токтолуп, министр анын ишмердиги жөнүндө коомчулукка, атайын максаттуу топторго кеңири маалымат жеткирүүнү сунуштады.

  Жолугушуу суроо-жооп, талкуу таризинде өтүп, министр кызыккан маселелерге толук жооптор берилди.