Ветеринардык студенттердин стипендиясы -2017!

,
Stipendium.jpg

MSD жаныбарлардын ден соолугу жана Дүйнөлүк Ветеринарлардын ассоциациясы дүйнөнүн төрт регионундагы ветеринар студенттердин академиялык тажрыйбасын жогорулатуу максатында “Ветеринардык студенттердин стипендиясы-2017” программасын баштоону жарыялайт.

 

“Ветеринардык студенттердин стипендиясы -2016” программасынын ийгиликтүү аякташын эске алып, MSD жаныбарлар ден соолугу жана Дүйнөлүк ветеринарлардын ассоциациясы мындан ары да кызматташууну улантуу максатында “Ветеринардык студенттердин стипендиясы – 2017” программасын  иш жүзүнө ашырып жатат. Бул программа 5 000 АКШ долларынын (жалпысы 205 000 АКШ доллар)  өлчөмүндөгү 41 стипендия орунун камтыйт жана  аймактар арасында 2018-жылдын ортосуна чейин  бөлүнөт: Латын Америка (16 гранттык орун), Африка (10), Түндүк Африка / Жакынкы Чыгыш (10) жана Азия / Океания (5).

 

Студенттер үчүн талаптар:

• гранттар тизмесиндеги өлкөнүн жараны болуу;

• экинчи же үчүнчү курстун студенти (биринчи курстун экзамендерин тапшырган);

• өзүнүн өлкөсүнүн кадыр-барктуу жогорку окуу жайынын студенти.

 

Арыздар Дүйнөлүк ветеринарлар ассоциациясынын байкоочу комитети тарабынан (англис, француз жана испан тилдеринде) каралат. Жыйынтыгы Испаниянын Барселона шаарында 2018-жылдын 5-8 майда өтө турган Конгресстин убагында  жарыяланат.

Арыздын формасын төмөнкү шилтеме аркылуу жүктөөгө болот: http://www.worldvet.org/news.php?item=347

                                                       

Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү.

Толтурулган арыз secretariat@worldvet.org электрондук почтасына Брюссель убактысы боюнча 2018-жылдын 1-январында саат 12:00 чейин жиберилиши керек. Толук толтурулбаган же кеч калган арыздар каралбайт.

MSD жаныбарлар ден соолугу жана Дүйнөлүк ветеринарлар ассоциациясы  алдыңкы студенттерди арыз берүүгө чакырат жана бардык талапкерлерге ийгилик каалайт.