Нарын шаарында жеке ветеринардык адистердин семинары өттү.

,
IMG_9863.JPG

Үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында Нарын шаарында жеке ветеринардык адистердин “Малдардын саламаттыгын коргоо” темасына арналган республикалык семинары болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө жеке ветеринардык адистердин кесиптик билимин үзгүлтүксүз өркүндөтүү, ветеринария тармагындагы мыйзам актыларынын абалына жана ветеринардык врачтардын күнүмдүк кесиптик турмушунда кездешип жаткан көйгөйлүү маселер талкууга алынды.

Семинардын ишине КР Өкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын районунун акими, Нарын шаарынын вице-мэри, Ага-Хан фондусунун, ФАОнун, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Ветеринардык палатанын, Кыргыз улуттук агрардык университетинин жетекчилери жана өкүлдөрү катышып күн тартибиндеги маселе боюнча өз ой пикирлерин билдиришти.

Семинар Ага-Хан фондусунун демилгеси жана жетекчилиги астында өттү.