Эл аралык өнөктөштөрдүн эмгегин баалоо

,
IMG_4473.JPG

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай  жана мелиорация министрлиги Германия Эл аралык кызматташтыгы менен  айыл чарба өндүрүшүн, маркетингдин өнүгүшү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында көп жылдардан бери жемиштүү иштешип келет.

Ветеринария тармагында жаӊы Ветеринардык Статуардык Органдын пайда болушу менен бирге приоритеттүү багыт болуп жеке ветеринардык адистердин практикасын өнүктүрүү болуп аныкталгын.  Бул багытта GIZ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы кемчиликтерди толуктоого, жеке ветеринардык практиканы көзөмөлдөө жана жөнгө салууга, ветеринардык адистердин билимин жогорулатууга жана алардын деңгээлин баалоого көмөк көрсөтүп келет.

Германия Эл аралык Кызматаштыгы (GIZ)  тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамы  мал чарба жана ветеринария тармагына кошкон салымы үчүн, ошондой эле айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамынын 90-жылдыгына карата,  Ветеринардык Статуардык Орган тарабынан көрсөтүлгөн GIZтин адиси Красножженов Денис Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин “Айыл чарбасынын мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.