Ветеринардык палатанын тренер-консультанттары тренинг өткөрүштү.

,
photo.jpg


2017-жылдын 31-октябрь жана 1-нобрында Ветеринардык палатанын тренер-консултантары М. Бабакулов жана А. Абдрасулов  учурдагы актуалдуу маселелерди камтыган төмөнкү темалар боюнча тренинг өткөрүштү:

1.    Жаныбарлардын фасциолез жана дикроцелиоз ылаңдарына каршы иш-чараларды уюштуруу жана аларга мониторинг жүргүзүү;

2.    Пастереллез жана бул оору менен күрөшү чараларын уюштуруу;

3.    Күйдүргү жана аны менен күрөшү чаралары.

Тренинге АРИС тарабынан тандалып алынган жана “Мал чарба жана рынок-1” долбоорнун алкагында Ыссык-Көл жана Нарын областарында иштеп жаткан тренер-консультаттар катышты. Аталган тренингдер учурда уюштурулуп жаткан ветеринардык иш чаралардын уландысы болуп саналат жана аталган облустардын айыл аймактарынын жеке ветеринардык адистеринин профессионалдык потенциалын жогорулатууга багытталган. Окуу материалдарын тренингдин темасына ылайыкталган видеолор толуктайт.

Аталган тренингдер жөнөкөй, түшүнүктүү кырдаалда  жана интерактивдүү формада өттү. Катышуучулар ушундай тренингдерди уюштуруу боюнча керектүү билимдер жана маалыматтар менен таанышышты жана окуу материалдардын электрондук жана басма форматтары менен камсыз болушту.