Ветеринардык палатанын Байкоочу кеӊешинин төрөгасы А. Жунушов юбилейлик медаль менен сыйланды.

,
WhatsApp Image 2017-12-27 at 17.35.03.jpeg

2017-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н. Мурашев Ветеринардык палатанын Байкоочу кеӊешинин төрөгасы А. Жунушовка юбилейлик медаль тапшырды, анткени ушул жылы аталган мамлекеттик органдын түзүлгөнүнө 90 жылдын жүзү болду.

Учурдан пайдаланып А. Жунушов министрге Ветеринардык палатанын ишмердүүлүгү жана алдыга койгон пландар жана долбоорлор жөнүндө маалымат берди.

Министр Н. Мурашев Ветеринардык палатанын Кыргызстандын ветеринардык системадагы ролунун маанилүүгүн жана өз каржы ресурстарын түзгөнгө чейин Министрликтин алдында ишке ашырылап жаткан долбоорлордун алкагында каржылоонун зарылдыгын белгиледи.