ВСЭ лаборатория адистеринин республикалык окуу-практикалык семинары өттү.

,
WhatsApp Image 2018-10-12 at 17.43.01.jpeg

2018-жылдын 10-октябрында Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Ынтымак+” жеке ветеринардык экспертиза лабораториясынын базасында республикалык окуу-практикалык семинары болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө, катышуучуларга “Ынтымак+” жеке ветеринардык экспертиза лабораториясынын өнүгүү тарыхы боюнча Презентация жасалды жана алардын аккредитациядан өткөн заманбап лабораториялык жабдыктарда изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү болду.

Семинардын ишине ВСЭ тармагында иш алып алып барышкан Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынан жана Бишкек шаарынан адистер катышышты.

Аталган семинар КР Ветеринардык палатасы тарабынан КРӨ алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана КРӨ Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгү менен биргеликте өткөрүлдү.

Семинардын аягында КРӨ Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнун биринчи орун басары Мамасалы Акматов тарабынан, ветеринария тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн кээ бир кызматкерлер Айыл чарба министрлигинин “КР айыл чарбасынын мыктысы” төш белгилери менен сыйланышты.