Айыл аймагынын денгээлинде малдын ден соолугун коргоо планын ишке ашыруу боюнча практикалык жардам көрсөтүүлүүдө.

,
WhatsApp Image 2018-10-29 at 13.49.02.jpeg

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын тренер-консультанттары 2018-жылдын 9-октябрынан тартып Чуй жана Талас облустарынын  айыл аймактарындагы Жайыт пайдалануучулардын бирикмелеринин жетекчилерине жана жеке ветеринардык адистерге малдын ден соолугун коргоо планын ишке ашыруу боюнча практикалык жардам көрсөтүүнү баштады. Көрсөтүлгөн ветеринардык иш чаралардын планы “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында, жергиликтүү шарттарды эске алуу менен, ошондой эле, Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын макулдугу менен 2016-жылдан баштап түзүлө баштаган. Тилекке каршы, аны жер-жерлерде пайдалануу жана ага жараша отчеттуулукту киргизүү жайбаракаттык менен жүрүп жатканы байкалган, ошондуктан, бул процессти маалымат катары коомчулукка, айрыкча, мал ээлерине жеткирүү зарылчылыгы пайда болду. Ал эми, мурдатан пайдаланып жүргөн ветеринардык пландар жөнүндө мал ээлерине жана фермерлерге атайын маалыматтар жеткирилчү эмес.

Долбоордун алкагында түзүлгөн малдын ден соолугун коргоо планы болсо өндөрүштүк жана табыгий шарттардын өзгөчөлүктөрүн эске алып түзүлүүгө, реалдуулугу жагынан элге маалым болуусу керек, анын аткарылышына тиешелүү бардык шарттар эске алынышы зарыл, ошондой эле, анын мааниси Жайыт комитетинин отурумунда да талкууга алынууга тийиш, ошондой кийин гана ал ишке ашырыла баштайт.

Аталган планды ишке ашыруу негизинен эки структуранын активдүү позициясына байланыштуу: ал региондордогу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жумушчу органы болгон Жайыт комитеттери. Учурда, аталган структаралар биригип, жеке ветеринардык адистер менен тыгыз иш чараларды уюштура башташты: атайын (убактылуу) отчеттуулук киргизилди. Көрсөтүлгөн иш чаралар айыл аймагынын денгээлиндеги, атап айтканда Жайыт комитетинин тиешелүү кызматкерлеринин катышуусу менен жүргүзүлүп жатат.