Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Ветеринардык статуардык органдын уюштуруучулардын составына кирди.

,
IMG_5242.JPG

Үстүбүздөгү жылдын 25-январында Ветеринардык статуардык органдын уюштуруучуларынын отуруму болуп өттү.

Аталган отурумга Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри  - Мурашев Н. М., Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын биотехнология институтунун директору – Жунушов А. Т.,  “КАО” кой жана эчки кооперативинин жетекчиси Ракаев А. К., ЖЧК “Борбор Азиялык племсервис ЛТДынын” жетекчиси Жумалиев А. Т.,  А. Дүйшеевтин атындагы Кыргыз илимий изилдөө институтунун директору Акматова Э. К. жана Ветеринардык статуардык органдын директору Маматкулов К. А. катышты.

Отурумдун жыйынтыгында  Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Ветеринардык статуардык органдын уюштуруучуларынын составына кирди. Мындан сырткары отурумдун алкагында Ветеринардык статуардык органдын жаңы Уставына киргизиле турган өзгөрүүлөр жана сунуштар талкуланды.