Жеке ветеринардык адистердин кесиптик билим деңгээлин үзгүлтүксүз өркүндөтүү Программасы иштелүүдө

,
1.jpg

 Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Ветеринардык палата менен биргеликте GIZ программасынын каржылык колдоосунун алдында жеке ветеринардык адистердин кесиптик билим деңгээлин үзгүлтүксүз өркүндөтүү Программасы иштелип чыгууда.

Программанын неизги максаты, жеке ветеринардык врачтар үчүн бирдиктүү үзгүлтүксүз кесиптик билим өркүндөтүү системасын кийирүү менен ветеринардык адистердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө багытталган жана төмөндөгү маселелерди чечүүнү көздөйт.

·       жеке ветеринарлардын бирдиктүү үзгүлтүксүз билимин өркүндөтүү системасын түзүү,

·      ветеринардык врачтардын кесиптик деңгээлин көтөрүү жана кесиптин маанилүүлүгүн белгилөө,

·       ветеринардык врачтар үчүн кесиптик билимин жогорулатууга шарт түзүү,

·       адистин кесиптик өсүүсүн камсыздоочу инфрастркутура тармагын өнүктүрүү.