Жеке ветеринардык адистер учүн тренингтер болуп өттү.

,
IФото 2.JPG

2019-жылдын башында Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органыны Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу долбоорунун (ПУУПЖ) алкагында мерчемделеген иш чаралардын улантты. Аталган долбоордун алкагында Жайыт комитеттерине, фермерлерге жана жеке үй чарбачылыгы менен алектенген айыл аймагынын тургундарына кызмат көрсөтүп жаткан жеке ветеринардык адистер үчүн малдын ылаңдарынын алдын алуу боюнча тренингдерди уюштурду. Бул окутуу тренингдери айыл аймагындагы максаттуу топтор, Чуй жана Талас облустарынын айылдарында иштеп жаткан, Ветеринардык жана фитосанитардын коопсуздук боюнча райондук башкармалыктары менен келишимдик негизде иштеген, жеке ветеринарлардын адистик дараметин жогорулатууга багытталган. Көрсөтүлгөн иш чаралардын алкагында  жеке ветеринардык адистерге мамлекеттик органдар тарабынан атайын ишеним көрсөтүлгөнү жана аларга берилген кээбир мамлекеттик ыйгарым укуктар жөнүндө да консультациялар берилди.

Аталган окуу тренингдери Чуй облусунун райондорунда 2019-жылдын 16- январынан 31-январына чейин төмөнкү темалар боюнча өткөрүлду:

1.    Жылкылардын эпизоотиялык лимфангит ылаңы;

2.    Жылкылардын сакоо ылаңы;

3.    Кой-эчкинин кара аксак ылаңы;

4.    Кой-эчкинин жугуштуу эктима ылаңы;



Көрсөтүлгөн атайын темалар Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу долбоорунун (ПУУПЖ) алкагында мерчемделген жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан жеке ветеринардык адистердин дараметин жогорулатууну көздөп бекитилген темалардын акыркылары болуп саналат. Жогоркулар менен катар, айыл жеринде иштеп жаткан жеке ветеринардык4 адистер үчүн айыл аймагында “Малдын ден соолугун коргоо” планы түзүү (мурдагы жылдардагы пландарын жаңыртуу) боюнча да консультациялар  берилди жана аталган Планды 2019- жылда ишке ашыруу боюнча практикалык жардамдар көрсөтүлду. Жеке ветеринардык адистер мындан башка (темага тиешеси жок) ветеринардык практикадагы көйгөйлөр боюнча да жардам алышты