Ветеринардык практика менен алектенүүнү каалаган жактарды бирдиктүү Реестрге каттоо процедурасы жүрүп жатат

,
1460824168_register_page_logo.jpg

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы, Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндөгү” мыйзамынын 23-24-жана 25-беренелерине таянып /30.12.2014-ж №175/ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндөгү” токтомун жүзөгө ашыруу максатында ветеринардык практика жүргүзүүгө ниеттенген адистерди бирдиктүү реестрде каттоо процедурасын жүргүзүп жатат.

Каттоо үчүн төлөнүүчү сумма эки жылга 1500 сом көлөмүндө Ветеринардык палатанын каттоо поцедураларын жүргүзүүдө көрсөтүлүүчү кызматтын өздүк наркын эсептөөдөгү калькуляциянын негизинде 2018-жылдын 27- июлунда Ветеринардык палатанын Ветеринардык Кеңешинин жыйынында бекитилген.

2019-жылдын 11-мартына карата 667 ветеринардык адис каттоо процедурасынан өттү.