Жаш ветеринардык врачтар чет өлкөдө

,
Узатуу аземи.jpg

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин колдоосу алдында Ветеринардык палата менен Республикалык мал дарыгерлер коомдук бирикмесинин эл аралык  байланыштарынын алкагында, Кыргызстандан 4 жаш ветеринардык адис Польша жана Япония өлкөлөрүнө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Алардын арасынан жеке ветеринардык адистер Саалаев Талант жана Төлөмүшөв Сыргак Польша мамлекетинин Горжув Новопольский шаарында жайгашкан Даниел Фигелдин ветеринардык клиникасында эки жумалык практикалык тажрыйба өркүндөтүү курсунан өтүү максатында 15-мартта жөнөп кетишти.

Ал эми жаш ветеринардык врачтар Даяна Алымбаева жана Айтакин Камарли 31-март күнү Япон мамлекетинде бир жылдык окуу курсуна жөнөө алдында турушат.

Аталган окуу курстарынын негизги максаты, эл аралык кызматташуунун бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана ал жактан ээ болгон билим тажрыйбаны Кыргызстанда ветеринардык адистер арасында жайылтууга, ошондой эле эл аралык кесиптик мамилелерди бекемдөөгө багытталган.

Жаш адистерди Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары, ветеринария илимдеринин доктору Жаныбек Керималиев кабыл алып, ак жол каалап узатты.