Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы Азия өлкөлөрүнүн Ветеринардык ассоциацияларынын Федерациясынын толук укуктуу мүчөлүгүнө кабыл алынды.

,
Fava-logo-head.png

2020-жылдын 16-октябрында Банкок шаарында (Тайланд) Азия өлкөлөрүнүн Ветеринардык ассоциацияларынын Федерациясынын Кеңешинин 42-отуруму онлайн режиминде болуп өттү жана анын ишине 20 мүчө-өлкөдөн 39дан ашуун делегат катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кеңештин отурумунун жүрүшүндө, уюмдун ишин мындан ары өнүктүрүү, мүчө-өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен өз ара кесиптик байланыштарды чыңдоо жана башка күн тартибине кирген маселелер талкууланып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды.

Күн тартибине ылайык биз кыргыз Ветеринардык палатасынын түзүлүү тарыхы, учурдагы абалы жана келечек пландары туурасында презентация жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук жана бул багыттагы билдирүүдөн соң катышуучулардын суроолоруна жооп бердик.

Ошондой эле, Кеңештин ишине катышуу менен бизде Азия чөлкөмүндөгү кесиптештерибиз менен байланыш түзүү, жаныбарлардын саламаттыгын сактоо багытында кесиптик тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болдук. 

Кеңештин отурумунун жүрүшүндө, кыргыз Ветеринардык палатасынын аталган уюмга мүчө болуу маселеси каралып, талкуудан кийин көпчүк добуш менен мүчөлүкө кабыл алуу чечими кабыл алынды.

Биз менен чогуу Индия жана Бириккен араб өлкөлөрүнүн ветеринардык ассоциациялары да аталган уюмга мүчөлүкө кабыл алынышты.