Ыраазычылык билдиребиз

,
images.jpg

“Ветеринардык палата” мекемеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаттары Айнура Осмонова менен Нурбек Мурашевге “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамын кабыл алуу процессине колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет. Мыйзам 2021-жылдын 20-октябрында № 123 кабыл алынган.

Аталган мыйзам долбоорун кабыл алууда А.Осмонова менен Н.Мурашев тарабынан демилгеленген нормада ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөө иш-чараларынын өз убагында аткарылышын камсыздоого көмөк көрсөтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерине кирет.

Бул норма жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ветеринардык-санитардык талаптарды жана эпизоотияга каршы иш-чараларды мындан ары өз убагында аткарууга мүмкүндүк берет жана жалпысынан эпизоотиялык жана тамак-аш коопсуздугунун сакталышын аныктайт.