Тажрыйба алмашуу долбоорунун биринчи туру жыйынтыкталды.

,
2.jpg

Үстүбүздөгү жылдын 18-24-июль күндөрү аралынында Түркия жергесинин Бурса, Эскишехир, Анкара шаарларына болгон окуу турубуз жемиштүү болду деп эсептеймин. Бул күндөр аралыгында 16 чарба жүргүзүү субъектилеринде болуп, алардын иш аракеттери менен жеринде тааныштык.

Окуу курсунун жүрүшүндө, Түрк ветеринарлар бирикмеси менен Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын ортосунда, эки мекеменин мындан аркы кызматташуусунун багыттарын аныктаган өз ара кызматташуу келишимине кол коюлду. Түрк ветеринарлар Бирикмеси,бул өз курамына өлкө боюнча 56 ветеринардык палатаны камтыган улуттук ветеринардык уюм болуп эсептелет, ошондой эле өлкөдөгү жеке жана мамлекеттик ветеринарлардын иш аракетин көзөмөлдөө милдетин жүргүзөт.

Мындан сырткары, “Армилла” жеке ветеринардык ооруканасы менен экиден жаш ветеринардык врачты аталган ооруканага 3 айлык тажрыйба чогултуу курсуна жөнөтүү макулдашылды.

Ошондой эле “Pega merinos» кой чарбасына тажрыйба топтоо максатында стажировкага эки жаш ветеринардык врачты жөнөтүү макулдашылды.

Эгерде каалоочулар болсо Ветеринардык палатага кайрылсаңыздар болот, талап түрк же англис тилин билүү зарыл.

Аталган долбоорду жазып, бул долбоор өлкөнүн жеке ветеринардык секторун өнүктүрүүдө маанилүү экендигин далилдеп, каржы булактарын издөө иш аракеттери 2021-жылдын июнь айында башталган. Долбоорду ишке ашырууда өнөктөш катары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринардык медицина факультетинин деканы, ветеринардык илимдердин доктору, профессор Исмаил Шен кол сунду.

Долбоордун программасын түзүү, ал жакта мекеме-ишканалар менен кабыл алуу иш чараларын сүйлөшүү, транспорт/гостиница логистикасын чечүү маселелеринде агайыбыз профессор Исмаил Шендин эмгеги чоң болду.

Ошондуктан агайыбыз, ветеринардык илимдердин доктору, профессор Исмаил Шенге жана долбоорду ишке ашырууда негизги каржылык колдоо көрсөткөн өнөктөшүбүз GIZтин «Жашыл экономика жана Кыргыз Республикасынын жеке секторун туруктуу өнүктүрүү” программасынын жетекчиси Шамир Кханалга Ветеринардык палатанын жана курстун катышуучуларынын атынан терең ыраазычылык билдирип, рахмат айтамын.

 

Урматым менен,

Кубатбек Маматкулов