Ветеринардык палата “Crosslink Development International (CDI)” коомдук кайрымдуулук фонду менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.

,
WhatsApp Image 2023-06-25 at 17.31.10.jpeg

2023-жылдын 25-июнунда “Жаныбарлардын ыландарына каршы жүргүзүлүүчү иш чаралар боюнча колдонмо” китебинин бет ачары болуп өттү.  Бул китептин автору Питер Касенберри. Аталган китеп 12 тилге, анын ичинде кыргыз жана орус тилдерине которулган.

Расмий бет ачардын алкагында Кыргыз Республикасынын Ветеринардык Статуардык органы менен “Crosslink Development International (CDI)” коомдук кайрымдуулук фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду.

Стратегиялык өнөктөштүктүн алгачкы багыты ветеринардык билимди жайылтуу жана Кыргызстандагы мал чарбачылыгынын негиздери тууралуу маалыматты Кыргызстандын бүткүл аймагына ветеринардык врачтарга, ветеринардык бүтүрүүчүлөргө жана фермерлерге колдонмону которуу, бекитүү жана жайылтуу болуп саналат.

Өнөктөштүк өнүккөн сайын тыгыз кызматташуу аркылуу тараптар кыргыз экономикасынын бул маанилүү секторун бекемдөө боюнча кошумча долбоорлордун үстүндө бирге иштеше алышат.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатанын ветеринардык кеңешинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ветеринардык кызматынын директорлорунун орун басарлары жана кызматкерлери, CDI Фондунун өкүлдөрү, Жогорку окуу жайларыдын ветеринария факультеттеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана башкалар катышышты.