Студенттер менен жолугушуу

,
IMG_1599 (1).jpg

Бүгүн, 13-март күнү Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасында, Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы С.Ибраимов атындагы Агротехникалык колледжинин ветеринария адистиги боюнча бүтүрүүчү курстарынын студенттеринин жолугушуусу болуп өттү.  

Жолугушууда, Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын директору К.Маматкулов студенттер үчүн Ветеринардык палатанын түзүлүү тарыхы, функционалдык милдеттери туурасында маалымат берип, суроолорго жооп берди.

Жолугушуунун соңунда студентердин кесиптик жолунда ийгиликтердин болуусун каалоо менен ар бирине Америкалык кесиптештерибиз доктор Питер Кеззенбери жана доктор Морин Бирмингем тарабынан басылып чыккан “Жаныбар ылаңдарына каршы иш чаралар боюнча Колдонмо” китебинин орусча басылмасы белеке берилди.