МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ПАРЛАМЕНТ ДЕПУТАТТАРЫ ТАРАБЫНАН КОЛДОО ТАПТЫ

,

Үстүбүздөгү жылдын 23-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин кезектеги отурумунда депутаттар М. Бакиров, А. Акматов жана Н. Каримовтор тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү (Ветеринария жөнүндө, Административтик жоопкерчилик жөнүндө Кодекс)” жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окуу режиминде каралды.

Депутат М. Бакировтун маалыматы боюнча, мыйзам долбоору улуттук мыйзамдарды жана башка мыйзамдык актыларды эл аралык талаптарга шайкеш келтирүүгө, ошондой эле Ветеринардык статуардык орган институту аркылуу ветеринардык практиканы жөнгө салуунун жаңы моделин киргизүүгө багытталган.

Талкуунун жүрүшүндө, мыйзам долбоорунун концепциясы депутаттар тарабынан колдоого ээ болуп, Жогорку Кеңештин пленардык жыйынынын кароосуна биринчи окууга жөнөтүлдү.