“Айыл аймагынын деңгээлинде малдын ден соолугун коргоо боюнча иш-чаралардын планын” талкуулоо боюнча тренинг өттү

,
IMG_4483.JPG

Ветеринардык палатанын мастер-тренер-консультанттары 2017-жылдын 5-декабрында “Айыл аймагынын деңгээлинде Малдын ден соолугун коргоо боюнча иш-чаралардын планын” талкуулоо боюнча тренинг өткөрүштү.

Тренинге Ветеринардык палатанын адистери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын малдардын саламаттыгын коргоо башкармасынын ветеринардык инспекторлору жана адистери катышты. Тренингтин алкагында мастер-тренер-консультант М.Бабакулов “Айыл аймагынын деңгээлинде малдын ден соолугун коргоо боюнча иш-чаралардын планын түзүү жана анын аткарылышын баалоо (мониторингдөө)” боюнча презентация жасады. Иштин жыйынтыгында катышуучулар жогоруда айтылган иш-чаралардын планын түзүүнү талкуулап, сын пикирлери менен алмашып, мындан сырткары айыл аймагынын деңгээлинде малдын ден соолгун коргоо боюнча иш-чаралардын беш жылдык жана бир жылдык пландарынын долбоорлоруна кошумчаларды жана өзгөрүүлөрдү киргизишти.