Ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча жаңыдан ишке киришкен жаш ветеринардык алистерге атайын семинар-тренингдерди уюштурду.

,
1538041756_img_4251-650x4331x.png

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы  2018-жылдын 24-25- сентябрында Чуй жана Талас облустарынын айыл аймактарында мал чарбачылыгы менен алектенген чарбакелерге  ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча жаңыдан ишке киришкен жаш ветеринардык алистерге атайын семинар-тренингдерди уюштурду. Негизинен,  бул иш чаранын катышуучулары, ветеринардык жогорку окуу жайларын акыркы 5 жылда бүтүргөн жана жеке ветеринардык врач катары айыл жеринде иштей баштаган адистер болуп саналат.  Семинардын жүрүшүндө алар, мамлекетибиздеги ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча башкаруу тутуму жөнүндө маалымат алышты жана ветеринария жаатындагы мыйзам актылары менен таанышышты, жаныбарлардын ылаңдарын дарылоо жана алардын алдын алуу боюнча жаңы технологияларды көрүштү. Окуу тренингдеринин эффективдүүлүгүн жогорулатуу, теориялык окуу материалдарын практикада бышыктоо максатында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жана  Кыргыз Республикасынын Мал чарбасы боюнча илим-изилдөө институтунун базасы пайдаланылды, катышуучулар малдын орууларына диагноз коюда жана дарылоодо пайдалануучу, акыркы үлгүдөгү, жабдуулар жана  аппаратуралар менен таанышышты. 


Тренингдин катышуучуларын өлкөбүздө  колго алынып жаткан ветеринардык адистердин иш аракеттерин ишкерлик мыйзамдарына жараша уюштуруу боюнча маселелер да кызыктырды.  Ишкер ветеринардык жеке адис менен ветеринария жаатындагы мамлекеттик кызматкер - ветеринардык инспекторлордун өз ара  мамилелери, бирге иш алып баруу шарттары боюнча да маалымат алышты. 

Тренингдеги  негизги темалардын бири «Айыл аймагынын денгээлинде малдын ден соолугун коргоо планы» болду. Ал планды ким түзүүгө укуктуу, кимдер менен макулдашуу талап кылынат, ким бекитип берет деген сүроолор талкууга алынды. Малдын ден соолугун коргоо пландарын түзүүгө керектүү маалыматтарды чогултуу жана аларды анализдөө, ошондой эле,  Планды жазуу боюнча практикалык көнүгүүлөр да өткөрүлдү. Аталган планды түзүү боюнча пайдаланылган окуу материалдары жаш адистердин келечектеги иш аракеттеринде колдонууга база болуп берет.


Өткөрүлгөн окуу трениндерине Чуй и Талас облустарынын бардык райондорунан келген 36 жаш адистер катышышты, иш чаралардын жүрүшүндө алар бир бири менен жакындан таанышып,  өз ара  келечекте  WhatsApp байланышы аркылуу топ түзүүгө жана адистик меселелери боюнча акылдашып турууга макулдашышты.