Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органынын
Ветеринардык кеңешинин иш Регламенти
1. Жалпы Жобо.
2. Ветеринардык Кеңештин отурумун чакыруу.
3. Ветеринардык Кеңештин отурумуна материалдарды даярдоо жана кароо.
4. Ветеринардык Кеңештин отурумунун катышуучулары.
5. Добуш берүү тартиби.
6. Отурумдун катышуучуларынын укуктары.
7. Чечимдерди кабыл алуунун тартиби.
8. Отурумдун протоколдорун түзүү.
1 .Жалпы Жоболор.
1.1. Ушул Жобо — Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы (мындан ары - Ветеринардык палата) мекемесинин Ветеринардык Кеңешинин (мындан ары — Кеӊеш) жалпы иш тартибин уюштурууга багытталган.
1.2. Кеӊеш, Ветеринардык палатанын Уставына, ушул Регламентке жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иш жүргүзөт.
1.З. Кеңеш өз иш аракетин коомдук башталышта аткарат.
1.4. Кеңеш ишин, өз ыйгарым укуктарынын чегинде бардык маселелерди ачык—айкын, эркин, жамааттык талкуулоо менен чечүүнүн принциптерине негизделет
1.5.Кеңештин ишин уюштуруу жана кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу Ветеринардык палатага жүктөлөт.
1.6. Кеңеш, Ветеринардык палатанын күндөлүк жумушуна кийлигишүүгө укугу жок.
2. Байкоочулар Кеңешинин отурумун чакыруу.
2.1. Ветеринардык палатанын Кеңешинин отуруму зарылчылыка жараша уюштурулат бирок бир жылда экиден кем эмес өткөрүлүүгө тийиш.
2.2. Кеңештин отурумун, Кеңештин төрагасы же анын орун басары алып барат.
2.З. Отурум уюштуруучунун, Байкоочу Кеңешинин төрагасынын ошондой эле мекеменин директорунун демилгеси менен чакырылат.
2.4. Кеңештин отурумун өткөрүү убагы жана орду Кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет.
2.5. Кеңештин кезексиз отуруму уюштуруучулардын, Кеңештин төрагасынын же Ветеринардык палатанын директорунун демилгеси менен чакырылат.
2.6. Кеңештин отурумуна чакыруу Байкоочу кеңешинин тарагасы белгилеген күнгө электрондук каражаттардын жардамы аркылуу жасалат.
3. Байкоочу Кеңешинин отурумуна материалдарды даярдоо жана кароо.
3.1. Отурумдун күн тартиби Ветеринардык палатанын иш планынын негизинде, ошондой эле Кеңештин төрагасынын сунушу менен палатанын аппараты тарабынан даярдалат.
3.2. Күн тартиби боюнча тийиштүү материалдардын долбоорлору Кеңештин мүчөлөрүнө 7 күн мурда электрондук почта же колго берүү жолу менен ишке ашырылат.
3.3. Кеңештин мүчөлөрү каралуучу материалдар боюнча сунуштарын, ой пикирлерин отурумга 3 күн калганга чейин Ветеринардык палатанын электрондук почтасы аркылуу (vetpalata@gmail.соm) жөнөтүүлөрү зарыл.
3.4. Кеңештин төрагасы, мүчөлөрү тарабынан отурум башталаарда күн тартибине кошумча- алымчаларды киргизүүсү мүмкүн.
3.5. Отурумда каралып жаткан маселелер боюнча пайда болгон талаш тартыш маселелерди чечүү, кайра иштеп чыгуу жана макулдашуу үчүн жумушчу жана эксперттик топторду түзүүгө укуктуу.
3.6. Кеңештин отуруму интерактивтүү ыкмаларды колдонуу менен да өткөрүлүүсү мүмкүн.
4. Кеңештин отурумунун катышуучулары.
4.1. Кеңештин ар бир мүчөсү отурумга катышууга милдеттүү.
4.2. Отурумга төраганын сунушу менен, жумушчу топтун мүчөлөрү, эксперттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылуусу мүмкүн.
4.3. Кеңештин мүчөсү отурумга келүүгө мүмкүн болбогон учурда, күн тартибине киргизилген маселе боюнча өз ой—пикирин, сунушун жазуу жүзүндө калтырууга укугу бар. Көрсөтүлгөн ой-пикир Кеңештин жыйналыштарында каралууга жатат жана добуш берүүдө эске алынат.
4.4. Кеңештин отурумуна 3 жолу себепсиз катышпаган мүчөнүн жоопкерчилиги каралат.
5. Добуш беруу укугу.
5.1. Кеңештин отурумунда каралып жаткан маселе боюнча чечим кабыл алаарда, Кеңештин мүчөсү бир добушка ээ.
5.2. Отурумга Палатанын директору, кызматкерлери жана чакырылган эксперттер кеңеш берүү укугу менен катышышат.
6. Кеңештин отурумунун чакырылгандардын жана катьшуучуларынын укуктары.
6.1. Кеңештин отурумуна чакырылган эксперттер, катышуучулар каралып жаткан маселе боюнча өз сын—пикирлерин, сунуштарын билдирүүгө жана түзөтүүлөрүн кийирүүгө укуктуу.
6.2. Кеңештин отурумуна чакырылгандар отурумга катышууга мүмкүн болбогон учурда каралып жаткан маселелер боюнча өз сын— пикирлерин, сунуштарын, түзөтүүлөрүн жазуу жүзүндө калтырууга укуктуу. Көрсөтүлгөн ой—пикир Кеңештин отурумунда каралууга жатат жана добуш берүүдө эске алынат.
7. Чечим кабыл алуу тартиби.
7.1. Кеңештин отуруму жалпы мүчөлөрүнүн жарымынын катышуусунда гана укуктуу болуп эсептелет.
7.2. Отурумда чечим жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
7.З. Чечим кабыл алууда төрага отурумга жүйөөлү себеп менен катыша албай калган мүчөнүн жазуу жүзүндө калтырган сунушун эске алат.
7.4. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен тийиштүү чечим кабыл алынат да протоколго киргизилет.
8. Отурумдун протоколун түзүүнүн тартиби.
8.1. Кеңештин отурумунда протокол жүргүзүлөт. Протоколдо отурумдун жүрүшү, кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгы кыскача чагылдырылат.
8.2. Протоколго отурумдун төрагасы жана төрага тарабынан белгиленген катчысы тарабынан кол коюлат.
8.З. Кеңештин ар бир мүчөсү төрагадан протоколго өзүнүн өзгөчө оюн же отурумда айткан сөзүн кийирип коюсун өтүнүүсү мүмкүн.
8.4. Кеңештин отурумунун протоколу кол коюлгандан кийин Ветеринардык палатага аткарууга жөнөтүлөт.
8.5. Протокол катчы тарабынан мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.
8.6. Отурумдун жүрүшү боюнча стенограммалык жана аудио жазуу жүргүзүүсү мүмкүн.
№ |
Аты
жөнү |
Ээлеген |
Байланыш |
1. |
Жунушов
Асанкадыр Темирбекович |
КР УИА биотехнология институтунун директору |
0312 641955 |
2. |
Ракаев
Акылбек Калышевич |
«КАО» айыл чарба кооперативинин директору |
0706321324 rakaev.ksba@gmail.com |
3. |
Орозбаев
Жылдызбек Турсунбекович |
КРнын
АЧТАӨЖММнин ветеринардык жана фитосанитрадык ченемдик укуктук актыларын иштеп
чыгуунун башкы адиси |
0312622754 jyldyzbek11@mail.ru
|
4. |
Майканов
Манас Капазович |
ГИВФБдин бөлүм башчысы
|
0312624031 maikanov@gvfi.gov.kg |
5. |
Аскаров
Талант |
Сокулук районунун жеке ветеринарлар бирикмесинин жетекчиси |
0552 987939 |
6. |
Стамалиев
Бекболот |
Кара-Буура районунун жеке ветеринарлар бирикмесинин
жетекчиси |
0551
556094 |
7. |
Алиев
Саматбек Тукешович |
Кыргыз Республикасынын жеке ветеринарлар бирикмесинин
жетекчиси |
0555
002714 |
8. |
Сыдыканов
Азизбек Сопубекович |
Кочкор районунун жеке ветеринарлар бирикмесинин
жетекчиси |
0771
45 62 99 0551 456299 |
9. |
Айсабеков
Маматзия Зулумбекович |
Чоң-Алай районунун жеке ветеринарлар бирикмесинин
жетекчиси |
0773
100967 |
10. |
Келдибеков
Кубатбек Мырзаевич |
Ош шаарынын жеке ветеринарлар бирикмесинин жетекчиси |
0555
822700, 0771
738583 keldibekov_k@mail.ru |
11. |
Самсалиев
Мирбек Асекович |
Кара-Кол шаарынын жеке ветеринарлар бирикмесинин жетекчиси |
0773
35 55 34 |
12. |
Эламанов
Абдирашит Исмаилович |
жеке ветеринар врач |
0771055972 |
13. |
Халмурзаев
Абдирашид Назирбекович |
Баткен районунун жеке ветеринарлар бирикмесинин
жетекчиси |
0777
068379, 03622
60725 |