Үзгүлтүксүз билим

БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕСИН ЖАҢЫ АЯКТАГАН БҮТҮРҮҮЧҮГӨ КОЮЛУУЧУ БАШТАПКЫ КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

 

Бардык өлкөлөрдүн ветеринардык адистери элдин ден-соолугун коргоого, жаныбарлардын бакубаттуулугун камсыздоого жана айлана чөйрөнү сактоого жоопкерчиликтүү, ошондой эле ветеринардык кызмат көрсөтүүнү мыйзам чегинде жана мамлекеттик ветеринардык кызматтын көзөмөлү алдында жүргүзүүгө милдеттүү.

«Ветеринардык кызмат» - деген термин МЭБтин аныктамасына ылайык өзүнө, элдин саламаттыгын сактоо жана жаныбарлардын бакубаттуулугун камсыздоо багытында иш алып барган ветеринардык кесиптин мамлекеттик да, жеке да компоненттерин камтыйт.

Ветеринардык кызмат мамлекет тарабынан кабыл алынган, ошондой эле Эл аралык  стандарттарга, МЭБтин сунуштарына жооп берүүсү шарт. Ветеринардык кызмат көрсөтүүдө ветеринардык адистер, келип чыккан маселелерди чечүүдө жана саламаттыкты сактоо, жаныбарлардын бакубаттуулугун жана экосистеманы коргоо  багытында ийгиликтерге жетишүүдө, Бирдикүү Ден-соолук системасынын негизги бөлүгү болуп эсептелет. (www.onehealthcommission.org).

Бардык ветеринардык адистер окуу жайын аяктагандан кийин кайсыл кесиптик багытта иш алып барбасын малдын ден-соолугун чыңдоого, бакубаттуулугун камсыздоого жана ветеринардык санитарияны сактоого милдеттүү.

Ветеринардык билим көп кырдуу болуп эсептелүү менен, ветеринардык адистин ветеринария тармагындагы жалпы кабыл алынган билим берүү менен кошо эле   мамлекеттик ветеринардык кызматтын малдын жана элдин ден –соолугун коргоо жана бекемдөө менен байланышкан милдеттерин   түшүнүүгө жана  баштапкы денгээлде аткарууга кепил болууга тийиш.

Окуу жайын жаңы аяктаган бүтүрүүчүгө коюлуучу бул баштапкы квалификациялык талаптар, Кыргыз ветеринария системасынын учурдагы абалын эске алуу менен даярдалды.

Мында тийиштүү денгээлде минималдык кызмат көрсөтүү үчүн талаптар аныкталгандыгы менен, документ билимдин тигил же бул сабактын алкагында, же болбосо тигил же бул курстарда өтүлүүсүн таңуулабайт.

Ветеринардык кесипке болгон талаптын жана бул тармактагы илимдин дайыма өсүүсү, бүтүрүүчүдөн тийиштүү маалымат булактарын табуу, кодонуу маселелери боюнча жогорку компетенттүүлүктү талап кылууда.

Аягында белгилеп кетүүчү нерсе, ветеринардык билим өзүнө бир гана жогорку билимди гана эмес, диплом алгандан кийинки үзгүлтүксүз билим алууну да камтыйт. Ошондуктан, ветеринардык адистин компетенттүүлүгүн камсыз кылууда үзгүлтүксүз билим алуунун маанилүүлүгүнө да көңүл буруу зарыл.

 

Бардык өлкөнүн ветеринардык врачтары төмөндөгүлөргө жооптуу:

  • Мыйзам актыларынын жана мамлекеттик ыйгарым укуктуу бийликтин көзөмөлү алдында – ветеринардык кызмат көрсөтүүгө,
  • Элдин ден-соолугун сактоого,
  • Жаныбарлардын ден-соолугун жана бакубаттуулугун коргоого,
  • Мал чарбасынан алынган азык түлүктүн коопсуздугуна,
  • Айлана чөйрөнү коргоого.

 

«Ветеринардык кызмат» -деген бул кандай түшүнүк.

Ветеринардык кызмат – жаныбарлардын ден-соолугун жана бакубаттуулугун камсыздоо иш чараларын жүргүзгөн, ошондой эле эл аралык талаптардын өлкө аймагында сакталуусуна жооп берген мамлекеттик же жеке уюм.

Квалификация – белгилүү бир  иш жүргүзүүгө карата, кесиптик даярдыктын деңгээли. 
Квалификация төмөндөгү түшүнүктөрдү камтыйт;

  • Билим: такталган маалыматка ээ болуу,
  • Тажрыйба: белгилүү бир иш чараны жасай алуу,
  • Өздүк сапат: өз эмоциясын жана сезимин башкара алуу,
  • Жөндөм: билим алууга болгон табигий таланты.

Квалификациялык талаптар экиге бөлүнөт;

  • Базалык  (жалпы,  атайын)
  • Жогорулатылган

 

Базалык квалификациялык талаптар

Бул, ветеринардык врачтын, Ветеринардык палатага каттоого турууга, ошондой эле  лицензия алууга керек болгон билимдин, тажрыйбанын, өздүк сапаттын жана билим алууга болгон жөндөмдүүлүктүн минималдык деңгээли.

Жалпы квалификациялык талаптар төмөндөгүлөрдү камтыйт:

  • Клиникалык сабактарга өтүүдө керек болгон, баштапкы окуу прогрммасында берилүүчү базалык ветеринардык илимдер.
  • Жаныбарлардын ылаңдарын алдын алуу, диагноз коюу жана даарылоо боюнча билим жана тажрыйба алууну камсыздаган клиникалык сабактар. 
  • Мал чарба экономикасын жана жаныбарлардын ден-соолугун коргогон, мал чарбачылыгы.

Атайын квалификациялык талаптар төмөндөгүлөрдөн турат:

  • Эпидемиология
  • Трансграничтүү ылаңдар
  • Зооноздор (алиментардык жол менен жугуучу ыландарды кошкондо)
  • Жаңы жана кайрадан пайда болгон ылаңдар
  • Ылаңдарды алдын алуу жана көзөмөлдөө программасы
  • Мал чарбасынан алынган  тамак аш азыктарынын гигиенасы
  • Ветеринардык препараттар
  • Малдын бакубаттуулугу
  • Ветеринардык мыйзамдуулук жана этика
  • Сертификациялоонун жалпы процедурасы
  • Сүйлөшүү тажрыйбасы

Эпидемиология

Эпидемиология  – ветеринардык санитария жана профилактикалык медицинанын пайдасына  кийлигишүүгө негиз болгон, ден-соолука таасир этүүчү факторлорду окуу.

Бүтүрүүчүнүн алдына төмөндөгү конкреттүү тапшырмалар коюлат:

  • Эпидемиологиянын жалпы принциптерин билүү жана түшүнүү, аны ылаңдарды көзөмөлдөөдө колдонуу, ошондой эле тийиштүү маалымат булактарын табуу жана аларды колдоно билүү ;

Ылаң чыгып, катталган учурларда, тийиштүү пробалардын үлгүлөрүн алуу, сактоо, ташып жеткирүү эрежелерин эске алуу менен  Эпидемиологиялык иш чараларга тийиштүү денгээлде катышуусу зарыл.

 

Малдардын трансграничтүү ылаңдары.

Малдардын трансграничтүү ылаңдары (ТГЫ) – жогорку денгээлдеги жугуу касиетине жана улуттук чек араларга карабай тез таркоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, эпизоотиялык ылаңдар.

ТГЫ козгогучтары зооноздук да, зооноздук эмес да болуусу ыктымал, бирок, бул ылаңдардын жогорку жугуу касиети, алардын чыгуу табиятына карабай, дүйнөлүк экономикага, эл аралык соода жана саламаттыкты сактоого  таасирин тийгизет.

Мисалга, жогорку патагендүү тоок тумоосу, Кара малдын чумасы, чочконун классикалык тумоосу жана Шарп ылаңдары.

Бүтүрүүчүнүн төмөндөгүлөрдү билүүсү зарыл:

  • ТГЫ менен байланышкан патогендерди, ылаңдын потенциалдык берилүү коркунучун (оору козгогучту алып жүрүүчүлөрдү кошкондо), ылаңдардын клиникалык белгилерин, клиникалык агымын таанууга;
  • Дүйнө жүзү боюнча ТГЫ ылаңдарынын таралуусун билүү, ошондой эле ылаң боюнча жаңыланган маалыматты табууну жана аны таратууну билүүгө;
  • Пробаны алуунун жана сактоонун теориялык жана практикалык тартибин билүү, ошондой эле ТГЫ ылаңдарын жок кылууда жана анын патагендери менен күрөшүүдө пайдаланылуучу диагностикалык, дарылоо каражаттарын колдонууну далилдеп берүүгө;
  • ТГ ылаңдар жана анын патагендери менен байланышкан иш аракеттерди көрүү (мисалга, ылаңга күмөн болгон же ылаң пайда болгон учурда кайда кайрылууну) жана керек болгон жаңыланган маалыматты табууну билүүгө.

Зооноз ылаңдары (алиментардык жол менен берилүүчү ылаңдарды кошкондо)

Зооноздор – адамдарга, өзүнүн жаратылышы боюнча мал чарба азыктары аркылуу берилүүчү ылаңдар жана алардын козгогучтары.

Зооноздор  боюнча  бүтүрүүчүгө  төмөндөгү  талаптар  коюлат:

  • Жалпы зооноздордун жана алиментардык жол менен берилүүчү ылаңдардын клиникалык белгилерин, агымын таануу жана ылаңдын  (козгогучтарынын) таралуу патенциалын билүү;
  • Зооноздук жана алиментардык жол менен берилүүчү ылаңдарга карата пайдалануучу  диагностикалык жана дарылоо  каражаттарын теориялык жана иш жүзүндө колодонууну билүү;
  • Зооноздук жана алиментардык жол менен берилүүчү ылаңдардын адамдын ден-соолугуна тийгизүүчү таасирин түшүнүү (мисалга, ылаңдын адамга жугуу механизми) жана жаңыланган маалымыт булагын табуу;
  • Зооноздук ылаң пайда болгондо же ылаңга күмөн болгон учурдагы иш аракет жасоо  (мисалга, ылаңга күмөн болгон же ылаң пайда болгон учурда кайда кайрылууну) жана керек болгон жаңыланган маалыматты табууну билүү.

Жаңы жана кайрадан пайда болгон ылаңдар

Жаңы ылаңдар – жаңы географиялык аймакта, популяциянын ичинде жаңы пайда болгон, эволюциялык жол менен же бар патагендүү козгогучтун өзгөрүүсүнөн пайда болгон жугуштуу ылаңдар.

«Кайрадан пайда болгон» ылаң – мурда жок кылынды делинген ылаңдардын, белгилүү бир аймакта кандайдыр бир убактан кийин, кайрадан катталуусу.

Бүтүрүүчүнүн төмөндөгүлөрду билүүсү зарыл:

  • «Жаңы» жана «Кайрадан пайда болгон» ылаңдарды  аныктоо жана мисалдарды келтирүү;
  • Күмөндүү белгилерди таануу жана тийиштүү ветеринардык органдарга билдирүү;
  • Жаңы ылаңдын пайда болуу жана эски ылаңдын кайталануу себептерин түшүнүү жана түшүндүрүп берүү;
  • «Жаңы» жана «Кайрадан пайда болгон» ылаңдар боюнча так маалымат булактарын билүү.

Ылаңдарды алдын алуу жана көзөмөлдөө.

Ылаңдарды алдын алуу жана көзөмөлдөө программасы,              ветеринардык бийликтер тарабынан башкарылуучу жана көзөмөлдөнүүчү, миграциялык көзөмөлдү, эмдөөнү жана дарылоону  өзүнө камтыйт .

Бүтүрүүчүнүн төмөндөгүлөрду билүүсү зарыл:

  • Жалпы зооноздук жана жугуштуу ылаңдардын алдын алуу же көзөмөлдөө боюнча бектилген иш чараларды, жаңы же кайрадан кайталанган ылаңдарды ажыратып билуу;
  • Трансграничтүү ылаңдарды көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн өзгөчө пландарды ишке ашырууга катышуу жана аны түшүнүү ;
  • Өзгөчө жана пландуу өткөрүлгө эмдөө өнөктүгүнө катышуу, жана аны түшүнүү;
  • «Тестирлөө жана жараксыз кылуу, дарылоо» программаларына катышуу;
  • «Эрте диагноз коюу системасы» жөнүндөгү аныктамага түшүнүк берүү;
  • Ветеринардык врач, малдардын кайсыл ылаңдары пайда болгон учурда (үй жаныбарларын кошкондо) ветеринардык бийлике кабар берүүсүн билүүсү керек;
  • Спецификалык ылаңдардын алдын алууда, көзөмөлдөөдө, жаңыланган жана такталган маалымат булактарын билуусу керек.

Мал чарбасынан алынган тамак аш азыктарынын гигиенасы

Тамак аш азыктарынын гигиенасы – мал чарбасынан алынган азыктардын коопсуздугун жана жарактуулугун камсыз кылууга багытталган шарттар жана иш чаралар.

Талаптарга жооп берүү үчүн, бүтүрүүчү төмөндөгүлөрдү билүүсү зарыл:

  • Фермада тамак аш коопсуздугунун усулдарын түшүндүрүү;
  • Малды союу иш чараларын көзөмөлдөөгө катышуу (сойгонго чейинки жана союдан кийинки);
  • Ветеринардык санитария менен малдын ден-соолугун көзөмөлдөөнүн айырмасын түшүндүрүп берүүсү.

Ветеринардык препараттар

Ветеринардык препараттар – мал ылаңдарын алдын алууда жана аларга  каршы күрөшүүдө пайдаланылуучу дары дармектер, инсектицидтер/акарицидтер, вакциналар жана биологиялык азыктар, же малдын организминин функциясын өзгөртүүгө же оңдоодо, ошондой эле  малга диагноз коюда колдонулуучу  каражаттар.

Бүтүрүүчү  төмөндөгүлөрдү  билуугө  милдеттүү:

  • Жалпы ветеринардык препараттарды туура пайдаланууну;
  • Малды сойгон учурда, организминде дары каражаттары калбоосу үчүн даарылоону кайсыл учурда токтотуу керектигин түшүндүрө  билүү;
  • Жалпы патогендердин микробдорго каршы туруу өнүгүүсүн шарттаган    механизмдерди түшүнүү;
  • Адамдар үчүн негизги мааниге ээ болгон, антибиотиктерди жем аркылуу колдонууда ошол антибиотиктерге микробтордун резистенттүүлүгүнун өнүгүүсүнун ортосундагы байланыш жөнүндө заманбап жана так маалыматты кайдан табууну билүү;
  • Тамак аш коопсуздугунун чынжырын жана айлана чөйрөнү коргоо максатында, дары дармектерди жана биопрепараттарды кантип туура колдонууну билүү (мисалы, биологиялык таштандыларды туура жок кылуу).

Жаныбарлардын бакубаттуулугу

Жаныбарлардын бакубаттуулугу – курчап турган шартка жараша, малдын жалпы абалынын өзгөрүүсү.

Бүтүрүүчүдөн төмөндөгүлөрдү билүүсү талап кылынат:

  • «Жаныбарлардын бакубаттуулугу» - деген түшүнүктү мал ээсине, ветеринарларга жана башка малдын саламаттыгына жоопту жактарга чечмелеп берүү;
  • Жаныбардын бакубаттуулугуна байланышкан проблемаларды таануу жана тийиштүү иш чараларга катышуу;
  • Жаныбардын бакубаттуулугуна байланышкан жергиликтүү, улуттук жана эл аралык стандарттарды билүү:

-          Мал өстүрүү;

-          Ташуу;

-          Адамдардын керектөөсү үчүн союу жана ылаңдарды көзөмөлдөө  максатында жок кылуу

 

Ветеринардык мыйзамдуулук жана этика

Ветеринардык мыйзамдуулук –ветеринардык бийликтин милдеттерин аткарууну шарттаган, жаныбарлардын ылаңдарын жана зооноздорду эрте аныктоо жана көзөмөлдөө, мал чарбасынан алынган азыктардын коопсуздугун камсыздоо, жаныбарларды жана мал чарба азыктарын экспорттоо үчүн сертификациялоодо, мамлекеттик инфраструктуранын негизги элементи.

Мындан сырткары, ветеринардык билим берүү мекемелеринде ветеринардык кесиптин этикалык жана моралдык аспектилери боюнча сабактардын өтүлүүсү зарыл.

Бүтүрүүчү төмөндөгү талаптарга жооп берүүсү зарыл:

  • Мамлекеттик ветеринария тармагындагы мыйзамдуулук системасынын негизин, ошондой эле жергиликтүү жана мамлекеттик денгээлдеги ветеринардык кесиптин атайын эрежелери жана регламенттери жөнүндө түшүнүктүн болуусу;
  • Ветеринардык мыйзамдуулук, ветеринардык кызмат көрсөтүүдөгү башка нормалар туурасындагы маалымат булактарын билүүсү;
  • МЭБтин негизги эл аралык нормаларын  жана стандарттарын билүүсү
  • Күнүмдүк кызмат көрсөтүүдө ветеринардык медицинанын жогорку стандарттарын түшүнүү менен колдонуу (ветеринардык врачтын кесиптик этикалык кодекси);
  • Малды багууга байланышкан этикалык нормаларды, коом арасында пропагандалоо

Сетификациялоонун жалпы тартиби

Сертификация - малда же малдардын тобунда ылаңдарды аныктоо, ошондой эле мал чарба азыктарынын сапатын тастыктоо максатында жүргүзүлүүчү процедураларга ылайык, текшерүү жана кароо.

 Сертификация жөнүндө бүтүрүүчү төмөндөгүлөрдү билүүсү керек:

  • Белгиленген тартипте сертификатты толтуруу, кол коюу жана берүү.

Сүйлөшүү тажрыйбасы

Ветеринардык медицинада натыйжалуу сүйлөшүү тажрыйбасы ийгилике жетүү үчүн абдан маанилүү. Жалпысынан, сүйлөшүү өзүнө жеке, кесиптик жана коомдук жактар менен өз ара маалымдоо, ынандыруу жана мотивациялоо максатында маалымат алмашууну камтыйт.

Бүтүрүүчүнүн төмөндөгүлөрдү билүүсү зарыл:

  • Техникалык маалыматтарды жеткиликтүү тилде түшүндүрө билүү ;
  • Кесиптештери менен илимий – техникалык малыматтарды жана практикалык тажрыйбаларды  бөлүшө билүү.

Жогорулатылган квалификациялык талаптар.

Бул, мамлекеттик ветеринардык бийлик структураларында иштөө үчүн талап кылынуучу, билимдин, тажрыйбанын, өздүк сапаттын жана билим алууга болгон жөндөмдүүлүктүн минималдык денгээли 

Бүтүрүүчүдө, төмөндөгү маселелер боюнча жалпы түшүнүктүн болуусу зарыл.

  • Ветеринардык кызматты уюштуруу
  • Текшерүү жана сертификациялоо процедуралары
  • Жугуштуу ылаңдарды башкаруу
  • Мал чарбасынан алынган азыктардын гигиенасы
  • Рискти анализдөө
  • Изилдөө
  • Эл аралык сооданын негиздери
  • Башкаруу жана менеджмент

Ветеринардык кызматты уюштуруу

Ветеринардык кызмат – малдын ден-соолугун сактоого байланышкан иш чараларды,  эл аралык эпизоотиялык бюронун башка нормаларын жана сунуштарын өлкө аймагында аткарылуусун камсыз кылган мамлекеттик же жеке уюм.

Бүтүрүүчүү төмөндөгүлөр жөнундө жалпы маалымат алууга милдеттүү:

  • Мамлекеттик ветеринардык кызматтын функцияларын жана милдеттерин билүү;
  • Өлкөнүн мамлекеттик ветеринардык мекемелеринин, башка өлкөлөр жана эл аралык өнөктөштөру менен өз ара байланышы;
  • Өлкөдө ветеринардык кызмат көрсөтүүдөгү мамлекеттик жана жеке кызматтын өз ара мамилелери;
  • МЭБ тарабынан ветеринардык кызматтын сапатын баалоонун маанилүүлүгү,
  • Ветеринардык кызматты уюштурууда керек болгон актуалдуу жана так маалымат булактары.

Ветеринардык бийлик – малдын ден-соолугун коргоо иш чараларына жана маселелерине жоопкерчиликтүү, компотенттүү, ошондой эле эл аралык нормаларды, сертификация процедураларын өлкөнүн бардык аймактарында аткарылуусун камсыздаган ветеринардык врачтар жана башка параветеринардык адистер эмгектенген мамлекеттик орган.

Ветеринардык статуардык орган  (лицензиялоочу ветеринардык орган) –ветеринардык врачтардын жана параветеринардык адистердин иш аракеттерин жөнгө салуучу, көз карандысыз ветеринардык орган.

Текшерүү жана сертификациялоо процедурасы

Текшерүү (инспекция) – ыйгарым укуктуу ветеринардык врач  тарабынан сертификат толтуруу үчүн, малды жана мал чарбасынан алынган азыктарды текшерүү , баа берүү жана малдын ден-соолугун жана санитардык статусун аныктоо.

Сертификациялоо – малдын ден-соолугунун статусун жана мал чарбасынан алынган азыктардын коопсуздугун аныктоо максатында, ыйгарым укуктуу ветеринардык врач тарабынан толтурулган расмий документ.

Бүтүрүүчү төмөндөгүлөр тууралуу жалпы түшүнүк алуусу зарыл:

  • Экспортко даярдалган малдын ден-соолугунун статусун жана мал чарба азыктарынын коопсуздугун баалоо процедурасы;
  • Рискти аныктоо максатында, малды сойгонго чейинки жана сойгондон кийинки текшерүү процедурасы;
  • Сертификаттын  долбоорун  түзүү.

Жугуштуу ылаңдарды башкаруу

Ветеринардык бийликтин көзөмөлүндө болгон, жугуштуу ылаңдардын алдын алуу жана көзөмөлдөө, (миграциялык көзөмөл, эмдөө жана дарылоо).

Бүтүрүүчү төмөндөгүлөр тууралуу жалпы түшүнүк алуусу зарыл:

  • Тийиштүү диагностикалык жана дарылоо шаймандарын колдонуу жана  проба коюу;
  • Ылаңдын таралуу булагын көзөмөлдөө;
  • Саламаттыкты сактоо адистерине эпизоотиялык маалымат берүү үчүн ылаңга баштапкы көзөмөл жана мониторинг жүргүзуу;
  • Усулдар:
  • Жаныбарларды ажырата билүү жана кайда жүргөндүгүнө көз салуу;
  • Эпизоотия же коркунуч учурунда, жаныбарлардын, мал чарбасынан алынган азыктардын, шаймандардын жана адамдардын кыймылына көзөмөл жүргүзүү;
  • Ылаңдаган малды гумандуу жол менен жок кылуу;
  • Ылаңдаган малдын этин жок кылуу тартибин билүү;
  • Ылаң менен байланышкан материалдарды дезинфекциялоо же жок кылуу.

Мал чарбасынан алынган тамак аш азыктарынын гигиенасы

Тамак аш азыктарынын гигиенасы – мал чарбасынан алынган азыктардын коопсуздугун жана жарактуулугун камсыз кылууга багытталган шарттар жана иш чаралар.

Талаптарга жооп берүү үчүн, бүтүрүүчү төмөндөгүлөрдү билүүсү зарыл:

  • Малды союу иш чараларын текшерүү (сойгонго чейинки жана союдан кийинки);
  • Дарынын малдын организминде калуусун анализдөө программсын билүү;
  • Мал чарбасынан алынган азыктардын кыймылын көзөмөлдөө;
  • Тамак аш азыктарын кайра иштетүү жайларындагы санитардык шарт, туура сактоону уюштуруу, ошондой эле  кайра иштетилген мал чарба азыктарын үй шартында туура сактоо, пайдалануу жана фермадан ашканага чейинки чынжырга тартылган адамдардын жеке гигиенасы жөнүндө түшүнүк.

Рискти анализдөө

Риск – кандайдыр бир көлөмдө экономикалык чыгым, жаныбарлардын жана адамдардын ден-соолугуна зыян алып келүүчү болжолдуу окуя.

Рискти анализдөө өзүнө, аныктоону, баалоону, башкарууну жана коммуникацияны камтыйт.

Бүтүрүүчүдө төмөндөгүлөр боюнча жалпы түшүнүктүн болуусу зарыл:

  • Жаныбарлардын ылаңдарына, организмде ветеринардык дарылардын калуусуна, жаныбарларды жана мал чарба азыктарын импорттоодо, ветеринардык кызмат көрсөтүү менен байланышкан башка иш чараларды аткарууда рискти анализдөөнү колдонуу;
  • Адамдардын жана жаныбарлардын ден-соолугун ишенимдүү сактоодо рискти анализдөөнү колдонуу;
  • Учурду терең түшүнүү үчүн актуалдуу жана так маалымат булактарын колдонуу ( мисалы, МЭБтин «Импорт боюнча рискти анализдоо колдонмосу»);

Изилдөө

Изилдөө – протокол түзүү, маалыматтарды анализдөө, жыйынтык чыгаруу жана жыйынтыгын жазуу аркылуу, гипотезаны текшерүү.

Бүтүрүүчүнүн окуу тапшырмасы, ветеринардык билимди өркүндөтүүгө байланышкан көп тармактуу изилдөө иштерин жүргүзүүнүн жалпы мааниси боюнча түшүнүк алууга, элди, жаныбарларды жана экосистеманы коргоо максатында, мамлекеттик ветеринардык кызмат көрсөтүү иш чараларында келечек муунду жакшы маалымат базасы менен камсыздоого багытталуусу зарыл.

Эл аралык сооданын негиздери

Жаныбарлар жана мал чарбасынан алынган азыктар менен бир канча уюмдун, өз ара коопсуз, эл аралык соода жүргүзүүсүнө негизделген регламент.

Бүтүрүүчү төмөндөгү негизги түшүнүктөрдү билүүгө милдеттүү:

  • Санитардык жана фитосанитардык чараларды кабыл алуу жөнүндөгү Эл аралык соода макулдашуулар (ВТО) ;
  • Жаныбарлар жана мал чарбасынан алынган азыктар менен болгон сооданы көзөмөлдөөчү МЭБтин жана Азык түлүк кодекси боюнча комиссиянын койгон эл аралык стандарттары;
  • Колдонуудагы, жаныбарлар жана мал чарбасынан алынган азыктарды коопсуз сатуудагы Регламент;
  • Эл аралык соода үчүн трансграничтүү ылаңдардын болжолдуу кесепеттери (зооноздорду кошкондо). 
  • Импорт жасаган өлкө тарабынан элдин жана жаныбарлардын ден-соолугун жана экосистеманы коргоого байланышкан сертификация процедуралары жана импортту көзөмөлдөө механизми.

Жетектөө жана башкаруу

Жетектөө – максатка жетүү үчүн, бардык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу процесси.

Бүтүрүүчүнүн төмөндөгүлөрдү билүүсү зарыл:

  • Жетектөөнүн жана башкаруунун мыкты усулдары;
  • Өзүн жана башкаларды билүү үчүн сүйлөшүүдөгү мыкты тажрыйба;
  • Натыйжалуу сүйлөшүүнүн мааниси  (коомду маалымаат менен камсыздоо жана агартуу иштерин жүргүзүү);
  • Керек учурларда актуалдуу жана так маалыматтарды алуу булагын билүү;
  • МЭБтин расмий тилдеринин бирөөсүн билүү .

Окутуу модулдары (2015ке чейин)

1. Кутурма

2. Сибир кулгунасы 

3. Антибиотиктер (жаңы) таасир этүү жана колдонуу өзгөчөлүктөрү боюнча жалпы обзору

4.  Антипаразиттик препараттар (жаны) озгочолуктору  жана колдонуу

5. Дезинфекция заттары озгочолуктору жана колдонуу

6. Жаныбарлардын абдоминалдык операциясынан кийинки ырбоолордун алдын алуу

7. Эркек малды бычуудан кийинки ырбоолордун алдын алуу

8. Жаныбарларды паталогоанатомиялык союу

9. Ветеринардык дары каражаттарынын сакталуусунун, коопсуздугунун, ташылуусунун жана көзөмөлдөө тутумунун заманбап ыкмалары

10. Ветеринардык ишкердиктин негиздери



Окутуу модулдары (2016)

1. Фасциолез жана дикроцелиоз

2. Кыргызстанда өстүрүлгөн айыл чарба малдарынын породалары

3. Айыл аймагынын денгээлинде малдын ден соолугун коргообоюнча иш-чаралардын планын түзүү

4. Малдын ден соолугун коргоотобу

5. Уйларды жасалма уруктандыруу

6. Малдардын пастереллезу



 

Интерактивный онлайн тренинг - Вебинар

 

Уважаемые коллеги!

Мы рады сообщить Вам, что Ветеринарная палата при поддержке Европейской комиссии по борьбе с ящуром, ФАО и МЭБ организует вебинар (интерактивный онлайн семинар) “Курс по Подготовке к Экстренной Ситуации по Ящуру”.

Этот курс обучения предоставит  необходимую информацию для эпидемиологического расследования при подозрении на ящур, включая правильную постановку диагноза, взятие образцов патматериала для отправки в лабораторию, эпизоотическое расследование вспышки заболевания и биобезопасность. Также предоставит возможность обсуждения вопросов подготовки и борьбы с ящуром с коллегами, участвующих в данном семинаре.

Курс будет проводится на кыргызском языке, продолжительность курса составляет примерно 10 часов изучения материалов, он рассчитан на самостоятельное распределение времени для обучения и рассчитан на 4 недели. В конце курса участникам необходимо будет пройти проверочный тест в онлайн режиме, в случае успешного прохождения теста будут выданы сертификаты международного образца . При возникновении вопросов будет возможность обратиться к экспертам Европейской Комиссии, по различным аспектам расследования заболевания и борьбы с ящуром.

Если вас заинтересовала информация о Европейской комиссии по Ящуру, то для подробной информации нажмите на следующие ссылки 

на русском http://www.fao.org/ag/againfo/commissions/eufmd/commissions/eufmd-home/ru/

English  http://www.fao.org/ag/againfo/commissions/eufmd/commissions/eufmd-home/en/

и ссылка сайта дистанционного управления: https://eufmd.rvc.ac.uk/mod/page/view.php?id=1388

Желающие пройти курс дистанционного обучения, а также при возникновении каких либо вопросов обращайтесь 

д-р Ж.Касымбеков  Ответственный за организацию курса в Кыргызстане (j.kasymbekov@vet-palata.kg)

д-р Гюнель Исмайлова, Европейская Комиссия по Борьбе с ящуром (gunel.ismayilova@fao.org)