Ветеринардык статуардык органы

Урматтуу кесиптештер, кадырлуу ага-ини, достор, эже-карындаштар баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын атынан Бүткүл дүйнөлүк ветеринарлар күнүнө удаалаш келген Кыргыз улуттук ветеринардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктаймынжана дайыма сак-саламатта, элге кызмат өтөп жүрө беришиңиздерге тилктешмин.

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринардык факультети менен биргеликте, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин каржылык колдоосу астында “Салттуу мал чарбачылыгынан, заманбап мал чарбачылыгын жүргүзүүгө өтүүдө Түркия-Кыргызстан ортосунда тажрыйба бөлүшүү” долбоорун ишке ашырууга киришти.

Бул
иш-чара 2022-жылдын 29-мартынан 31-мартына чейин Бириккен Араб Эмираттарынын
Абу-Даби шаарында өттү. Ветеринардык дарыгерлердин Бүткүл дүйнөлүк
ассоциациясынын (ВВА) Башкы Ассамблеясынын ишине катышуу ветеринардык
практиканы жөнгө салуу жана үзгүлтүксүз иш алып баруу жаатында кызматташуу жана
биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча башка өлкөлөрдүн ветеринария боюнча
статуардык органдары менен кесиптик байланыштарды түзүүгө жана кеңейтүүгө
багытталган.