Урматтуу кесиптеш айымдар, эже-карындаштар,

,
тюльпаны.jpg

Сиздерди жаз айынын биринчи күндөрүндө кирип келген Аял затынын Эл аралык тилектештик майрамы жана ага удаа келген берекелүү Орозо айы менен чын-дилимден куттуктаймын.

“Аял- эне, аял-жар, аял-дүйнөдө теңдешсиз асыл жан” -деп бекер айтылбаса керек.

Аял затынын табияты, мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, турмуштагы бардык кыйынчылыктарды жеңип, улам жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырып турат.

Кадырлуу энелер, сүйкүмдүү эже-карындаштар жалпыңыздарга чың ден-соолук, бейпил турмуш жана бакыт-таалай каалайм!

 

Сиздердин жан-дүйнөңүздөрдө күндө майрамдык маанайдын болушун Жараткандан тилеп, терең сыйлоо менен,

Ветеринардык палатанын директору К. Маматкулов