ЕАЭБ/ЕАЭС МИССИЯСЫ ВЕТЕРИНАРДЫК ПАЛАТАГА КЕЛИП КЕТТИ

,

2016-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору К.Т Жумакановтын коштоосунда мырза Гаевский Игорь Владимиров баш болгон ЕАЭБ/ЕАЭС нун миссиясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы – Ветеринардык палатанын мыйзамдык базасы, анын максаты жана милдеттери жөнүндө маалыматтар берилди. Жолугушуу мезгилинде  Кыргызстанда учурда ишке ашырылып жаткан жеке (официалдык) ветеринарлардын каттоо Реестри, жеке ветеринарларга коюла турган минималдык квалификациялык талаптар жана алардын аткарылышын мезгиз-мезгили менен текшерип туруу үчүн өткөрүлүүчү комьютердик тестирлөө боюнча да билдирүүлөр жасалды.

Ветеринария жаатында жеке ишкердикти өнүктүрүүдө, жеке ветеринарларды каттоодо жана жеке ветеринардык практиканы  жөнгө салууда Кыргызстан ЕАЭБ/ЕАЭС ге кирген мамлекеттер арасында алдыңкы сапта бара жаткандыгын Миссиянын өкүлдөрү  белгилеп өтүштү. Жолугушууда ветеринардык практикага жогорку квалификациялуу адистерди тартуу менен элге ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу зарылдыгы белгиленип, бул багыттагы Кыргызстанда жасалып жаткан иштерди өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды.