ТВИННИНГ КЫЗМАТТАШУУСУ БОЮНЧА ПРОГРАМАЛАРЫ ИШКЕ АШЫРУУ БАШТАЛДЫ

,

Эл-аралык айыл-чарбасын өнүктүрүү фондунун колдоосу менен, КРнын АЧТАӨЖжММнин айыл-чарба долбоорлорун өнүктүрүү бөлүмү ишке ашырып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -1” долбоорунун алкагында каржыланган Кыргыз Республикасы менен Польша Республикасынын Ветеринардык статуардык органдарынын ортосунда кызматташууну ишке ашыруу жөнүндө Твиннинг Келишимине кол коюлду.

Кол коюлган келишимде  Эл аралык эпизоотиялык бюронун стандартын эске алып Өлкөнүн жеке ветеринардык практикасын реформалоонун алкагында Кыргызстандын ветеринардык статуардык органын жакшыртуу боюнча кызматташууну ишке ашыруу каралган.

Документке үстүбүздөгү жылдын 1 декабрында  Варшава шаарында Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органынын директору Кубатбек Маматкулов жана Польша Республикасынын Улуттук Ветеринардык статуардык органынын директору Яцек Лукашевич кол койду.

Кол кою аземине - Польша Республикасынын ветеринардык кызматынын жетекчиси Криштов Яджевский, КРнын АЧТАӨЖжММне караштуу айыл-чарба долбоорлорун өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Жолдошбек Дадыбаев, ошондой эле Польшанын ветеринардык статуардык органдарынын регионалдык кеңселеринин жетекчилери катышты.