ЭЛ АРАЛЫК ЭКСПЕРТТЕР КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

,
IMG_3990_new.jpg

Үстүбүздөгү жылдын 25-январында Эл аралык эпизоотиялык бюронун эксперттери Франсуа Гарри жана Матилде Саулниер Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органынын адистери менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Ветеринардык статуардык органдын эл аралык стандарттарга жана нормаларга лайык толук кандуу иш алып баруусун шарттоочу ченемдик-укуктук актылардын учурдагы абалы жөнүңдө сөз болду.

Өз учурунда Ветеринардык палатанын жетекчили К.Маматкулов, бул багытта жасалган иштерге жана көрүлүп жаткан аракеттер боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. Бакиров, А. Акматов жана Н. Каримовтор тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү (“Ветеринария жөнүндө” мыйзам, КР Административтик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодекси)” мыйзам долбоорунун мазмуну жана бул мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийинки жасалуучу иш пландары боюнча кеңири айтып өттү.

Жолушушуунун соңунда Эл аралык эпизоотиялык бюронун эксперттери мыйзам базасын түзүүдө өз ой пикирлерин билдирип колдоо көрсөтүшөөрүн билдиришти.