Твиннинг программасынын алкагында Польшалык ветеринардык врачтар-жергебизде.
Аталган программанын алкагында жергебизге келишкен кесиптештердин
катышуусунда үстүбүздөгү жылдын 26-27- октябрь күндөрү төгөрөк стол болуп өттү.
Төгөрөк столдун жүрүшүндө польшалык тарап жүргузгөн Кыргыз Республикасынын Ветеринардык
статуардык органынын ишин жөнгө салуучу жана көзөмөлдөгөн мыйзам базасын анализи,
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр
киргизүү жөнүндө мыйзамдын анализи (“Ветеринария жөнүнүндө”, “Администрациялык
жоопкерчилик кодекси”), Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык Органдын
Уставынын анализи жана рекомендациялары, мындан сырткары “жеке ветеринардык
адистерди каттоо/кайрадан катоо жана реестерди жүргүзүү” Жобо долбооруна
берилген сын пикирлер талкууланды.
Польшалык кесиптештер төгөрөк столдун катышучууларына “Польшалык улуттук
ветеринардык палатанын калптанышы жана учурдагы абалы” жөнүндө маалымат берип
жана катышуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
Төгөрөк столго Польша тараптан: улуттук ветеринардык палатанын президенти Яцек Лукашевич жана палатанын мүчөлөрү: Станислав Винярчук (Stanisław Winiarczyk), Збигниев Вроблевски (Zbigniew Wróblewski), Войчех Гилдебранд (Wojciech Hildebrand ), Бартош Немец (Bartosz Niemiec), кыргыз тараптан: айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Майрамбек Таиров, Байкоочу кеңештин мүчөлөрү жана ВПнын кызматкерлери, республиканын бардык областарынын жеке ветиранардык адистеринин ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты.
Ошону менен бирге польшалык кесиптештердин иш-сапарынын алкагында расмий жолугушулар болуп өттү, атай кетсек Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Ташболотов М. Т. менен жана КР Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жумаканов К. Т. жолугушту жана тараптар Твиннинг кызматташтыгынын чоң маанилүүгүн белгилеп жана мындан ары да бул кызматташтыкты бекемдөөнү талкулашты.
Ошону менен катар польшалык кесиптештер К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык медицина факультетинин студенттери менен жолугушту жана суроолорго жооп берип, керектүү маалыматтар менен алмашты жана көп жылдык тажрыйбалары менен бөлүштү.