«ЖАЙЫТТАРДЫ ЖАНА МАЛ ЧАРБАСЫН БАШКАРУУНУ ЖАКШЫРТУУ» ДОЛБООРУ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

,

«ЖАЙЫТТАРДЫ ЖАНА МАЛ ЧАРБАСЫН БАШКАРУУНУ ЖАКШЫРТУУ»  ДОЛБООРУ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

     2017-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын отурумдар залында Чуй жана Талас облусунун ветеринардык адистеринин райондук жана облустук бирикмелеринин жетекчилери, ошондой эле, республикалык бирикменин  өкүлдөрүнун катышуусунда семинар тренинг болуп өттү.

     Семинар-тренингдин жүрүшүндө аталган Долбоор жөнүндө жана анын алкагында, жеке ветеринардык адистердин түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырыла турган иш чаралар жөнүндө, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы – Ветеринардык палата  жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.

  Семинар тренингке Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын жана Жааматтарды өнүктүрүү жана инвестициялоо (АРИС) агенттигинин адистери катышты.

Семинар тренингди Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору М. Таиров алып барды жана аталган иш чаранын  аягында катышуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, жеке ветеринардык адистердин бирикмелеринин жетекчилерине Долбоорду ишке ашырууга активдүү катышууну суранды.