Айыл чарба, тамак аш, өнөр жайы жана мелиорация министри Нубек Мурашев бүгүн Польша Республикасынын Улуттук ветеринардык палатасын жетекчилиги менен жолукту.

,
IMG_5370.JPG

Айыл чарба, тамак аш, өнөр жайы жана мелиорация  министрлигинде 2018-жылдын 30-январында  Польша Республикасынын  Ветеринардык палатасы менен бирге   ишке ашырылып жаткан Твининг  кызматташуунун  алкагында тегерек стол болуп өттү. Аталган тегерек столго Ветеринардык палатанын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, Ветеринардык палатанын төрагалары, Ассоциациялар, жеке ветеринарлардын өкүлдөрү жана ветеринардык факультеттердин декандары катышты.      

                          
Тегерек столдун жүрүшүндө жөнгө салуучу принциптери, кесипкөйлүк, ветеринардык врачтардын жоопкерчилиги, Жоболордун долбоорлору боюнча комиссиялардын   ишмердүүлүгү талкууланды.      
Андан соң Польшанын улуттук ветеринардык палатанын вице-президенти
Марек Висва мырзаны, үзгүлтүксүз профессионалдык өнүгүү Комиссиянын төрөгасы Кшыштов Ануш мырзаны жана юрист Бартош Немец мырзаны айыл чарба министри  Нурбек Мурашев кабыл алды. Министр биринчи кезекте  Айыл чарба министрлиги ветеринардык тармакта кандай   иш алып барып жатканы жөнүндө кеңири маалымат берип жана 
келген конокторго учурда ишке ашырылып жаткан Твининг кызматташуунун алкагында   тажрыйбасы менен  бөлүшкөн үчүн терең   ыраазычылыгын билдирди.