Ветеритнардык палаталардын Альянсы түзүлөт.
2019-жылдын
1-3-июль күндөрү Россия Федерациясынын жана Казакстан мамлекеттеринин Ветеринардык
палата жетекчилери Кыргызстанга
расмий иш сапары менен келишти.
Аталган иш сапардын алкагында Бишкек шаарында
“Кыргыз Ветеринардык палатасынын өнүгүү жолу, алдыдагы пландары” деген аталышта
Тегерек столу уюштурулуп, келген конокторго, Кыргыз Ветеринардык палатасынын
түзүлүү тарыхы, жетишкендиктер, тоскоолдуктар жана келечек пландар жөнүндө
кеңири маалымат берилди жана алар тараптан берилген суроолорго жооптор
узатылды.
Иш сапардын негизги максаты, Кыргыз Ветеринардык палатасынын иш тажрыйбасы менен таанышуу, коңшу өлкөлөрдөн келишкен кесиптештерибизге Ветеринардык палатаны түзүү багытында консультативтик колдоо көрсөтүү жана жеке ветеринардык тармакты өнүктүрүү, ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатуу багытындагы бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырууга багытталды.
Ошондой эле
делегация мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана
милиорация министри Эркинбек Чодуев кабыл алып, рынок экономикасынын шартында кесиптик
тармакты жөнгө салуу жаатында мамлекеттик органдардын функционалдык милдеттери тийиштүү
укуктук –ченемдик актыларды кабыл алууга жана алардын аткарылуусун көзөмөлдөөгө
багытталуусу, ал эми аларды ишке ашыруу жагы кесиптик уюмдарга берилүүсү керектигин
баса белгиледи. Башкача айтканда, тармакты башкаруу иш аракеттерине кесип
ээлерин тартуу учур талабы экендигине токтолду. Ошондой эле, Кыргызстан, Россия
жана Казакстан бирдиктүү Евроазиялык алкакта болгондуктан, өз ара кесиптик
байланыш түзүү, кесиптик тармакты бир багытта өнүктүрүүгө чоң түрткү болооруна
ишеничинин чоң экендигин баса белгилеп, бул багытта баарына ийгилик каалады.
Өз кезегинде
делегация мүчөлөрү Россия Федерациясынын жана Казакстан мамлекетинин өкмөттөрү
учурда өз өлкөлөрүнүн ветеринардык системаларында Ветеринардык палата
институтун түзүү аракеттерин көрүп жатышкандыгын жана бул багытта Кыргыз
Ветеринардык палатасынын түптөлүү жана өнүгүү тарых алар үчүн чөң жардам
берээрин белгилеп өтүштү жана бул багытта тыгыз байланыш түзүү ниеттерин
билдиришти.
Делегациянын курамында Россия тараптан Ветеринардык
палатанын жетекчиси Насырова
Диана Ильдаровна, Палата мүчөлөрү Мендоса Сергей Леонардович, Татьяна Борисовна жана Казакстан
тараптан Ветеринардык палатанын директору Ибрагимов Примберди Шолпанкуловичтер болушту.
Ошондой эле
коноктор Бишкек шаарындагы жеке ветеринардык клиникалыадын жана Кыргыз-Түрк
“Манас” университетинин иш аракеттери менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Жолугушуунун аягында тараптар, үч мамлекеттин ортосунда Ветеринардык палаталар Альянсын түзүү идеясын бир добуштан жактырышты.