Кызматташуу багытындагы жолугушуу

,
WhatsApp Image 2020-12-10 at 19.22.47.jpeg

2020-жылдын 10-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын директору К.Маматкулов Кыргыз Түрк “Манас” университетинин ветеринардык факультетинин жаңы дайындалган деканы профессор, доктор Исмаил Шен менен жолугушту.

Жолугушууда негизинен жеке ветеринардык врачтарынын кесиптик дараметин жогорулатуу тармагында, факультеттин профессордук-окутуучулук жамаатынын кесиптик потенциалын, эл аралык стандарттарга негизделген тажрыйбаларын толук колдонуу меселелери талкууланды.

Ошондой эле, “Мобилдик окуу борборун” түзүү, жеке ветеринардык врачтардын эл аралык конференциясын уюштуруу багытындагы Ветеринардык палата тарабынан даярдалган долбоорлорду чогуу жүзөгө ашыруу багытындагы сунуштар факультеттин деканы тарабынан колдоого алынды.

Мындан сырткары, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы тарабынан демилгеленип Япон эл аралык кызматташуу агенттигинин колдоосу астында ишке ашырылып жаткан долбоор боюнча да Палата жетекчиси кеңири маалымат берип ой бөлүшүштү. Өз кезегинде доктор Исмаил Шен аталга долбоорго факультет тарабынан олуттуу маани берилип, активтүү катыша тургандыгын белгиледи.