Ветеринардык практикада жаңы ачылыш

,
WhatsApp Image 2020-12-22 at 15.38.11.jpeg

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын Ветеринардык кеңешинин мүчөсү, ветеринардык врач Мирбек Асекович Самсалиевти, “Ири мүйүздүү малдын ценурозун операция жолу менен дарылоо ыкмасын” ойлоп таап, бул багытта илимге киргизген жаңылыгын тастыктаган патентке ээ болушу менен чын дилибизден куттуктайбыз.

Патент берүү чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан кабыл алынып, бүгүн 21-декабрда Кыргыз Республикасынын  айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Керималиев тарабынан салтанаттуу тапшырылды.