Майрамыңыздар кут болсун кадырлуу улуу муун.

,
images.jpg

Урматтуу ары жооптуу, ары кооптуу болгон “Ветеринар” деген ардактуу жана сыймыктуу кесиптин ээлери, кадырлуу ардагерлер, Сиздерди 1-октябрь Эл аралык карылар күнү менен менен чын дилибизден куттуктайбыз.

Сиздер, биздин кадырлуу Улуу муундар, сүйүктүү кесибибиздин көөнөргүс уюткусу, тарыхы, бизди алдыга жетелеген Устатыбыз болосуздар. Ушул улуу күндө биз сиздерге сак-саламатчылык, дөөлөттүү карылык, көөнөргүс бак-дөөлөт тилейбиз жана дайыма арабызда баскан жолубуздун шам чырагы болуп жүрүшүңүздөргө тилектешбиз.