Сыйлык ээсин тапты.

,
95c3cd1d-6e6b-40aa-9a2c-d40d31d45be4.jpg

Бүгүн 28-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Талды-Булак айылынын ардагер ветеринардык врачы Кылычбек Алиевти кабыл алып, Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата министрликтин Ардак Грамотасын тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Мукашев  министрлик тарабынан улуттук ветеринария системасын өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иш аракеттер боюнча маалымат берип,  ардагербизге ден-соолук, ишине ийгилик каалап, кесиптик майрамы менен куттуктады.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын директору К.Маматкулов, Ветеринардык палатанын Ветеринардык Кеңешинин төрага орун басары К.Келдибеков жана "Кыргызстан мал дарыгерлери" коомдук бирикмесинин төрагасы С.Алиев.