Айыл чарба малдарынын асылдуулугун жогорулатуу долбоору.

,
cd0fe9b8-b2c1-4caf-b8bc-48c1fa341b77.jpg

15-декабрда Кыргыз Республикасынын Ветеринрдык палатасынын өкүлдөрү менен Кыргызстандагы Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

Жолугушууда сөздүн негизги багыты, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги тарабынан KOICAга сунушталган “Кыргызстанда жаныбарлардын асылдуулугун жогорулартуу” багытындагы долбоордун өлкөнүн мал чарбачылыгы үчүн канчалык денгээлде керектиги, аны ишке ашыруунун жолдору, долбоорду ишке ашырууда жеке ветеринардык адистердин ролу жөнүндө болду жана Кореядан келген коноктор Ветеринардык палатанын ишмердүүлүгүнө кызыгып, бул багытта бир топ суроолорду берип жооп алышты.

Жолугушууга Кореядан келген KOICAнын эксперттери, проф. Сонг-Жонг Ох, проф. Чо Янг-Хии, Кыргыз Жайыт жана мал чарбачылыгы илим изилдөө институтунун жетекчиси Максат Нурдинов, ошондой эле KOICAнын Бишкек офисинин өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аталган долбоордун алкагында өз ара кызматташууга кызыктар экендигин белгилешти.

Тактама. Аталган долбоор KOICA тарабынан жактырылса, 2023-жылдын январь айынан ишке кирет жана 5 жылдык мөөнөттү камтыйт, долбоордун жалпы суммасы 7 млн аммерика долларын түзөт.