Эхинококкоз оорусуна чалдыккан окуучуларга жардам көрсөтүлүүдө.

,
uzitalas.jpg

Үстүбүздөгү жылдын 20-22 сентябрь айында Талас облусунун аймагында Польшалык ветеринардык врачтардын катышуусунда өткөрүлгөн  "Vetrinary Expedition Kyrgyzstan-2021"долбоорунун алкагында эхинококкоз оорусу аныкталган 3 окуучу (10-11жаш) бүгүн, 14-декабрында Жал кичи районунда жайгашкан балдар ооруканасында комплекстүү медициналык текшерүүдөн өтүштү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 3 окуучунун боорунда эхинококктун ыйлаакчасы бар экендиги аныкталып, баарына 3 айлык медикаментоздук дарылануу курсу дайындалды жана бул курс мөөнөтү өткөн соң кайрадан текшерүүдөн өтүшөт. 

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы тарабынан Эне жана баланы коргоо улуттук оорукана борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Жетибаева Айна Бапаевна жана аталган оорукананын башкы хирургу Амираев Нурали Авазовичтин колдоосу жана жеке кабыл алуусу  алдында ишке ашырылды. 

Бул иш-чара Польшалык кесиптешибиз, жеке ветеринардык врач Даниель Фигелдин өзүнүн финансы каржылык колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда.