Студент-ветеринарлар үчүн стипендиалык программа

,
4C60CCB6-275C-47A4-94EA-AB28EF3E6FB1.jpeg

Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциация (WVA) ветеринар-студенттер үчүн 2021-жылга стипендиялык программа жөнүндө жарыя салат, аталган программа студенттердин академиялык тажрыйбасын жогорулатууга багытталган. 

Стипендиалык программага Латын Америка, Африка, Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш, Азия жана Океания мамлекеттеринин студент-ветеринарлары катыша алышат жана стипендиянын жалпы көлөмү 200 000 миң АКШ долларын түзүп, ар бири 2500 АКШ долларына барабар 80 стипендия каралган.

Стипендияга катышуу талаптары:

• Бүткүл дүйнөлүк ветеринардык ассоциациянын башка стипендияларынын катышуучусу болбоо,
• Стипендия каралган мамлекеттердин атуулу болуу,
• 2020-2021-окуу жылдарында студенттик статуска ээ болуу,
• Биринчи курстун экзамендерин толук тапшырып бүтүү,
• Биринчи жана акыркы курстун студенти болбоо.

Арыз тапшыруунун акыркы мөөнөтү.

Толтурулган арыз 2021-жылдын 15-майына чейин Брюссель убактысы боюнча 12-00 дөн кечиктирилбей wva_assistant@worldvet.org электрондук жарегине жөнөтүлүү зарыл.

Арыздын формасын Ветеринардык палатанын сайтынан алсаңыздар болот /www.vsb.kg

Суроолор болсо Ветеринардык палатага кайрылыңыздар.