Эл аралык практикалык тажрыйба алмашуу семинары.

,
IMG_4916.jpg

Урматтуу кесиптештер, 2021-жылдын 20-24-сентябрь күндөрү Талас шаарында “Зооветсервис” жоопкерчилиги чектелген уюмунун базасында Польшалык кесиптештерибиздин тобунун катышуусунда  тажрыйба алмашуу практикалык семинары болот.

Семинардын негизги темасы, Эхинококкоз ылаңы менен күрөшүү ыкмалары, алдын ала чаралары жана бул ылаңдын жайылуусундагы ит-мышыктын ролу, алардын популяциясын көзөмөлдөө ыкмаларына багытталган.

Иш чаранын алкагында мектеп окуучуларын акысыз УЗИ текшерүүдөн өткөрүү, аларга Эхинококкоз менен күрөшүү жолдорун түшүндүрүү багытындагы аракеттер көрүлөт.

Семинардын жүрүшүндө ит-мышыктарга кастрация жасоонун Польшада колдонулуучу ыкмалары, ошондой эле Мирбек Самсалиев жетектеген Каракол шаарындагы “Эковет” уюмунун адистери тарабынан ценуроз ылаңын айыктыруудагы хирургиялык ыкмалар көрсөтүлөт.

Аталган семинар Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы менен кесиптешибиз Каролина Фигель жетектеген “Польшалык ветеринардык фонд” тарабынан ишке ашырылууда.

Бардык кызыккан тараптарды катышууга чакырабыз.

Семинардын өтүү жайы, Талас шаары, И.Сарыгулов көчөсү, 77-үй.