Кыргыз-Турк кесиптик кызматташтык долбоору

,
33B6BBE8-58F5-45A6-99E1-5DCF936E3E47.jpeg

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасыКыргызүрк “Манас” университетинин ветеринардык факультети менен биргеликте, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин каржылык колдоосу астында “Салттуу мал чарбачылыгынан, заманбап мал чарбачылыгын жүргүзүүгө өтүүдө Түркия-Кыргызстан ортосунда тажрыйба бөлүшүү” долбоорун ишке ашырууга киришти.

Долбоордун негизги максаты, эпизоотиялык, биологиялык жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо, мал чарбачылыгын жүргүзүү принциптери, тармактык кесип ээлерин даярдоо, ветеринардык ишти уюштуруу багытында Түрция мамлекетинин тажрыйбасы менен таанышуу.

Долбоорго ветеринарлардын коомдук бирикмелеринин жетекчилери, айыл-чарба министрлигинин, ветеринардык кызматтын, Ветеринардык палатанын өкүлдөрү тартылат.

Долбоор эки тайпага бөлүнүп, ар бир тайпа 10 катышуучудан турат. Биринчи тайпа 2022-жылдын июнь, экинчи тайпа сентябрь айларында Турция жергесине барат.

Долбоордун аягында Бишкек шаарында Турция мамлекетинен чакырылган атайын коноктордун катышуусунда Конференция уюштурулуп, долбоор жыйынтыкталат.

Долбоор талапкерлерине негизги талаптар:

1. Катышуучулардын 70%ы 50 жаш курактан ашпоосу,
2. Ветеринардык палатанын Реестринде каттоодон турган мөөнөтү 6 айдан кем болбоосу,
3. Улуттук ветеринария тармагындагы мыйзамдык актыларды билүүсү,
4. Компьютердик World, PowerPoint программаларын эркин билүүсү зарыл.  

Долбоорго катышуу үчүн ар бир талапкер, 4 слайддан кем болбогон презентациялык материалын 2022-жылдын 15-майына чейин Ветеринардык палатанын кароосуна (vetpalata@gmail.comжөнөтүүсү керек. Презентациялык материалда талапкер, улуттук ветеринария системасынын учурдагы абалын, жакшыртуунун жолдорун (конкреттүү сунуштар менен) чагылдыруусу зарыл.

Долбоор боюнча суроолор болсо, долбоордун жетекчиси, Ветеринардык палатанын директору Кубатбек Маматкуловко (0779 102004) кайрылсаңыздар болот.