Бүткүл дүйнөлүк ветеринарлар күнүнө удаалаш келген Кыргыз улуттук ветеринардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз.

,
B7143579-89AD-41DB-A1E6-1D8D149D0660.jpeg

Урматтуу кесиптештер, кадырлуу ага-ини, достор, эже-карындаштар баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын атынан Бүткүл дүйнөлүк ветеринарлар күнүнө удаалаш келген Кыргыз улуттук ветеринардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктаймынжана дайыма сак-саламатта, элге кызмат өтөп жүрө беришиңиздерге тилктешмин.

Отуз күндүк Орозо айында, билек көтөрүп, алакан жайып Алладан тилеп, үмүт кылган ой-тилектерибизди жараткан өзү кабыл кылып, элибизге тынчтык, баарыбызга ынтымак жана биримдик насип эткен болсун.

Биз аркалап келе жаткан кесип ардактуу, гумандуу экендигинен шек жок. 

Бүткүл дүйнөлүк  коомчулук тарабынан, ветеринардык адистин кызматы-коомдук бакубаттуулуктун негизи катары кабыл алынуусу биз үчүн чоң сыймык.

Урматтуу кесиптештер, баарыңыздардын үй-бүлөңүздөргө саламатчылык каалоо менен, 

 

Кыргыз Республикасынын
Ветеринардык палатасынын жетекчиси        Кубатбек Маматкулов.