Ветеринардык палата Европанын ветеринарлар Федерациясынын Башкы ассамблеясынын ишине катышты.
2022-жылдын 15-июнунан тартып 19-июнуна чейин Улуу Британиянын
Лондон шаарында Европа ветеринарлар Федерациясынын кезектеги Башкы Ассамблеясынын
отуруму болуп өттү. Федерациянын Башкы Ассамблеясы - Европанын 38 өлкөсүндө 46
ассоциациянын жана уставдык органдардын өкүлү болгон ветеринарлардын жолугушусу,
отурум учурунда катышуучулар көйгөйлүү маселелерди талкуулап, ветеринарлар үчүн
дагы, жалпы эле ветеринардык медицина үчүн дагы мыкты шарттарды түзүүгө аракет
кылышат.
Европа ветеринарлар федерациясынын Башкы Ассамблеясынын алкагында ВСО КР Европа биримдигиндеги ветеринариянын учурдагы абалы жөнүндө жаңы маалыматтарды алды. Ассамблеянын бардык иш-чараларына активдүү катышты. Ассамблеянын алкагында Европанын ветеринарлар Федерациясынын Президенти Ренс Ван Добенбург, вице-президент Станислав Виниарчук, Польшанын Улуттук Ветеринардык палатасынын өкүлдөрү 2017-2018-жылдары твининг программасын ишке ашырган адамдар менен, ошондой эле Европанын башка кесиптештери менен жолугушуулар болду. Ошону менен бирге Нидерландиянын Ветеринардык палатасынын өкүлдөрү Боб Криер менен таанышып, кесиптешибиз өз кезегинде өз өлкөсүндө ветеринардык дарыгерлердин жетишсиздиги жөнүндө айтып берди жана учурда башка өлкөлөрдөн ветеринардык дарыгерлердин практикага жана ишке чакырып жаткандыгын билдирди. Буга байланыштуу Европа өлкөлөрүндө кыргыз дипломдорун аккредитациялоо учурун тактоо макулдашылды. Ошону менен бирге, Ассамблеянын ардактуу коногу Дүйнөлүк ветеринардык Ассоциациянын президенти Рафаэль Лагуенс менен мурунку сүйлөшүүлөрдү улантып, үстүбүздөгү жылдын жайында биздин өлкөгө болгон иш сапарын макулдаштык.